«Улуу максаттарга умтулуунун акыбети». Президент Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Азиянын төрт жолку чемпиону, Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Олимпиада оюнун жана дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы күмүш байге утушу менен президент Садыр Жапаров телефон аркылуу куттуктады.

Өлкө башчы Тыныбекованын Кыргызстанды буга чейин бир нече дүйнөлүк аренада даңазалап келгенин белгилеп, Токио олимпиадасында күмүш медалды багындырган күн «өзгөчө маанилүү, унутулгус» деп билдирди.

«Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, президент Тыныбекованын олимпиададагы финалдык таймашын үй-бүлөсү менен көргөнүн, ошондой эле, жүз миңдеген кыргызстандыктар түз эфир аркылуу аны сүрөп турганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова Токио олипиадасындагы алтын медаль үчүн жапон балбаны Юкако Каваи менен 4-августта күрөштү. Балбан кызды Кыргызстандын баардык аймактарында мекендештер борбордук аянттарга чогулуп, түз эфир аркылуу колдоп турушту.

Тыныбекова — эгемен Кыргызстандын тарыхында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында Олимпиада оюндарында күмүш медалды багындырган алгачкы балбан. Бул кыргыз спортчулары алып келген үчүнчү медаль. Ал финалга чейин бардык атаандаштарын бир да мүмкүнчүлүк бербей жеңген.

Дагы окуңуз:

Олимпиада. Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль багындырды