COVID-19’га каршы күрөш. Нарын облусуна Кытайдан 2,6 млн сомдук гумжардам келди

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык округунан* Нарын облусуна 2,6 млн сомдук гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

*Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык округу Кытайдын батышында жайгашкан. Ал жакта элдин көбүн уйгурлар менен кыргыздар түзөт.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев кызматташтыктын алкагында кытай тараптан тез жардам унаасын сураганы айтылат.

Бирок анын ордуна 8400 «Чин Ван» эмдөө капсуласы, 5 керебет монитору, 5 кычкылтек концентратору, 500 коргоочу костюм, 1000 даана хирургиялык кийим, 500 медициналык коргоочу көз айнек, 500 беткап, 1000 бахила жана 100 градус өлчөгүч жөнөтүлгөн.

Басылма Ашимбаев гумжардамды тосуп алып, медиктерге өткөрүп бергенин кабарлайт.

Июль айында Кыргызстанга Сауд Арабиясынан коронавируска каршы үчүн 500 миң долларлык гумжардам келген. Өлкө бийлиги жеке коргонуу жана медициналык каражаттар түрүндө жардам алган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга ар башка өнөктөш-өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар келүүдө. 2020-жылы коронавируска каршы күрөшүүгө гумжардам Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген.

Гуманитардык жардамдан тышкары өлкө эл аралык уюмдардан насыяларды дагы алган. 2020-жыл боюнча бийлик COVID-19’га каршы күрөшкө 300 млн доллардан ашык каражат алган. 2021-жылы Кыргызстан 420 млн долларга чукул каражат алаары күтүлүүдө.

Дагы окуңуз: Кыргызстан: Коронавирус үчүн которулган акча? Кайсы акча? ¯\_(ツ)_/