Сузак: Кемпир-Абад каналына агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү изделүүдө

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад шаарынын 15 жаштагы тургуну Кемпир-Абад каналына агып кетти. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде өспүрүмдүн сөөгүн издеп жатышат.

«Өспүрүм 8-августта болжол менен саат 13:00дө Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына түшүп жатып агып кеткен. Издөө иштерине жалпы 32 кызматкер тартылды», — деп маалымдашты ӨКМден.

Буга чейин, 1-июнда Кемпир-Абад каналынын Сузактын Барпы айылындагы бөлүгүндө сууга түшүп жаткан 17 жаштагы жигит агып каза болгон. Ал эми 11-июлда Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 17 жаштагы дагы бир бала чөгүп кеткен. ӨКМден кырсык аталган райондун Кызыл-Октябрь айыл аймагында катталганын кабарлашкан.

Дагы окуңуз:

Сузак: 17 жаштагы өспүрүм Кемпир-Абад каналына агып кетип каза болду

Ошто Кемпир-Абад суу сактагычына 17 жашар өспүрүм чөгүп каза болду