Бишкек мэринин мурдагы м.а. Сарыбашов парламенттик шайлоого барарын айтты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып, он күндөн кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырган Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого аттанаарын билдирди. Бул тууралуу ал «Регион» телеканалынын кабарчысына маек куруп жатып айтты.

Сарыбашовдун айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин мамлекетке кызмат кылуу үчүн коёт. Ошондой эле, ал мындай чечимди президент Садыр Жапаров менен макулдашып анан кабыл алганын белгиледи.

«Белгилүү болгондой 26-августта Бишкек шаарынын мэрлигине шайлоо болот. Мен кызматтан шайлоо болгонго чейин кетейин деп чечтим. Буюрса Жогорку Кеңешке депутат болуп, мамлекетке кызмат кылып, жакшы мыйзамдарды жазсам деген ойдо мэрлик кызматты тапшырдым», — деди Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов 2-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Сарыбашов Бишкек шаарынын жетекчилигине келе турганын ошол кездеги президенттин иш башкаруучусу Алмаз Мамбетов билдирген. Ал эми Мамбетов өзү 2-августта Сарыбашовдун ордуна Оштун мэринин м.а. болуп дайындалган.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп 3 жыл иштеген.

Тема боюнча:

Бишкектин мэринин м.а. Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкектин мэринин м.а. болуп Таалайбек Сарыбашов дайындалды