Таалайбек Сарыбашовдун кеңешчиси дагы кызматынан кетти

Азамат Абсаттаров

Бишкек шаарынын м.а. аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшыргандан кийин кеңешчиси Азамат Абсаттаров да кызматынан кеткендиги белгилүү болду. Бул тууралуу «Клоопко» Абсаттаров өзү тастыктады.

Абсаттаров кызматын тапшырууга эмне себеп болгонун айткан жок, бул өз каалоосу менен болгонун билдирди — ал мэрдин кеңешчиси кызматынан кетүү арызын жазган. Абсаттаров бул кызматка мындан бир жума мурда дайындалган болчу.

Азамат Абсаттаров — буга чейин Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген. Ал аталган бөлүмдү Сарыбашов мэр болуп турган учурда башкарган.

Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган. Ага чейин ал 3 жыл Ош шаарынын мэри болуп иштеген.

Тема боюнча:

Бишкектин мэринин м.а. Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкектин мэринин м.а. болуп Таалайбек Сарыбашов дайындалды

Сарыбашов Ош мэриясындагы басма сөз катчысын өзүнө кеңешчи кылып дайындады