«Акча алганга укугуңуз жок!» Ош облустук төрөткана текшерүүгө алынды

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Ош шаарындагы Ош облустук төрөт үйүн 23-августта текшерди. Анда ашкананын абалы жана оорукананын чарбалык иши сынга алынды.

Жаныкулов алгач төрөт үйүнүн ашканасын текшерген. Ал имараттын абалын сынга алып, жыл сайын оңдоо иштерине бөлүнгөн каражат «максатсыз пайдаланып жатканын» белгиледи.

Мындан сырткары, Жаныкулов ашкана кызматкеринен тамактын бир күндүк менюсун сураган учурда ал жок болуп чыкты. Андан соң ал бир кишиге берилчү тамактын порциясы нормадан аз болушу мүмкүн деп күмөн санап, аны лабораторияда текшерүү үчүн үлгү алды.

Ошондой эле, Жаныкулов ашпозчу алып келген түшкү тамак жаңы төрөгөн аялдардын баарына «жетпейт» деп божомолдоду. Анткен менен кызматкер «бардык эле бейтаптар тамак иче бербейт, себеби туугандары алып келген тамакты ичишет» деп түшүндүрдү. Бирок, Жаныкулов төрөт үйүндө жаткан ар бир аялга ичсе-ичпесе күнүнө тамак берилиши керектигин билдирди.

«Оруканада 90 аял жатат деп, 90 аялга тамак-аш жасоо үчүн өкмөттөн каражат бөлдүрөсүздөр, бирок “90 аялдын 40ы ичпейт экен” деп кайра каражатты кайтарып бербейсиздер да туурабы? Мына “бардактын” баары ушул жерде», — деди Жаныкулов.

Жаныкулов облустук төрөт үйүнүн короосундагы тазалыкты да текшерүүгө алды. Рейд учурунда облус башчынын орун басары таштандылар үйүлүп жатканына жана алардан жагымсыз жыт чыкканына күбө болду. Ал эми төрөткананын жетекчилиги таштандылар жумасына эки жолу чыгарыларын жана эң зыяндуулары хлор жана башка заттар менен дезинфекция кылынарын айтты.

«Төрөткананын айланасынан таңкы 6да чуркап өтөм. Дайыма жагымсыз жыт келип турат. Жашоочулардан сурасам, төрөтканадан чыгып атканын айтышты», — деди Жаныкулов.

Жыйынтыгында Жаныкулов жытты жок кылууну жана короодогу таштандыларды тазалоону жана өсүмдүк жана кургап калган чөптөрдү суугарууну тапшырды.

«Акча алганга укугуңуз жок!»

Жаныкулов төрөткананын ультра добуш менен текшерүү (УЗИ) бөлмөсүнүн иши менен да таанышып, кызматкер процедура үчүн айырым бейтаптардан акча алып турарына күбө болду. Бирок аппаратка түшүү үчүн келген кыз-келиндердин баарына эле дүмүрчөк берилбегени аныкталып, бул аткаминерди нааразы кылды.

«Сизди азыр ушул турушуңуз менен алып барып камаш керек. Сиз бухгалтерияга кантип эсеп-кысап берип жүрөсүз? Сиз квитанция бериш үчүн бухгалтер эмессиз да! Акча алганга укугуңуз жок! Сиз келген келиндерди текшерип коюу гана милдетиңиз, акча алуу эмес. Бул квитанциялар боюнча кылмыш ишин козгосо болот» — деди Жаныкулов.

Ал эми кызматкер аталган төрөткананын өзүнүн эсепчиси жок болгондуктан, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бухгалтерине айына бир жолу эсеп-кысап берерин айтты.

Ошол учурда бейтаптардын бири мындай текшерүү менен мыйзамсыз акча алууга чек коюу мүмкүн эмес деген пикирин билдирди. Анын айтымында, төрөтканага келген аялдардан сөзсүз «пара» талап кылышат.

«Миң текшерсеңер деле болбой да, кызык экенсиңер силер дагы. Азыр роддомго жаткыруунун өзү акча да. Төрөгөнүнө мынча акча, төрөгөндөн кийин мынча акча бер деп сурашат. Силер азыр бир текшерип эле кетип каласыңар, ошол боюнча бул токтобойт деле», — деди ал.

Жаныкуловдун айтымында, облус жетекчисине келген 50 кишинин 20сы медицина тармагына болгон нараазычылыктарын айтып келишет. Мындан улам облус башчысы Зиядин Жамалдинов төрөт үйүн текшерүүгө тапшырма берген.

«Биз бүгүн облустук төрөтканын чарбалык ишин текшерип, 80% талапка жооп бербегендигине ынандык. Бул боюнча атайын анализ жасалып, справка даярдалып, оорукананын тийиштүү жетекчилерине чара көрүлөт. Ошондой эле, облустагы бардык ооруканалар атайын түзүлгөн график менен мындан ары да текшерилет», — деп билдирди ал.

Данияр Жаныкулов — президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп 10-августта дайындалган. Ал буга чейин «Альянс-Алтын» компаниясында коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле, ал 2011-жылдын 2014-жылга чейин «Ата-Журт» саясий партиясынын төрага орун басары болгон.