Бишкек — Ош жолундагы авариядан 9 адам каза болду, алардын арасында жаш бала бар

Суусамыр өрөөнүндө орун алган автокырсык. Сүрөт: ӨКМ

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан тогуз адам каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Кырсык 23-августта Бишкек — Ош унаа жолунун 201-чакырымында катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, «Хонда Степвегон» унаасы менен «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам — алты аял, эки эркек жана бир жаш бала — каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Министрликтен билдиришкендей, кырсык болгон жерге беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ысык-Көл облусунун Кубакы ашуусунда 17-августта 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышып, жети адам каза болгон.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын алты айында эле 3 396 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 329 киши каза тапты. Мындан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Кубакыда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7 адамга жетти

Нарында жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки адам жабыркады