ТИМ: Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу маселеси көтөрүлгөн жок

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын РИА Новости басылмасына курган маегинде Ооганстандагы кырдаалдын шартында Кыргызстандын аймагында дагы бир Орусиянын аскер базасын ачуу маселеси «азырынча көтөрүлбөгөнүн» билдирди.

Кант авиабазасы, Орусиянын аба флотунун 100 жылдыгын майрамдоо учурунда 

Анын айтымында, Кыргызстан ооган тарап менен чек арасын бекемдөө маселесин эл аралык уюмдарда, анын ичинде ЖККУ менен талкуулап жатат.

«Ошол эле учурда, биз эл аралык террористтик уюмдардын Борбор Азия чөлкөмүнө кирип келиши мүмкүндүгүн эске алуу менен кыргыз-тажик чек арасын бирегелешип бекемдөөнү актуалдуу деп эсептейбиз. Бул жаатта биз Орусия менен активдүү иштешип жатабыз, бирок республиканын аймагында Орусиянын дагы бир аскер базасын ачуу маселеси азырынча көтөрүлгөн жок», — деп билдирди Казакбаев.

Тема боюнча: Жээнбеков: Экинчи орусиялык аскер базасы боюнча маселе чечиле элек

Министрдин айтымында, Кыргызстан АКШ менен Американын аскерлерин жайгаштыруу маселесин дагы талкуулаган эмес.

«Өнөктөштөрүбүз менен Ооганстандын боордош элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн жолдорун талкуулап жатабыз, Кыргызстанда ооган студенттерин кабыл алуунун конкреттүү ыкмалары иштелип жатат», — деди Казакбаев.

Тема боюнча:АКШ Кыргызстандагы «Манас» аскер базасына кайтуу жолдорун карап жатат — New York Times

«Манас» аэропортунун аймагындагы АКШнын авиабазасы 

Андан тышкары, ТИМ башчысы Ооганстандын жарандары виза алууну өтүнүп Кыргызстанга тынбай кайрылып жатканын белгиледи.

«Азыркы күндө 100гө жакын өтүнмө каралып жатат. Алардын баары окуу категориясындагы визалар», — деп тактады ал.

Андан соң Казакбаев кыргыз бийлиги Ооганстанда аскердик-саясий кырдаал турукташаары менен дароо боордош ооган элине гумжардам жөнөтүүгө даяр турганын кошумчалады.

Мындан тышкары, министр Кыргызстан Ооганстанда өкмөт түзүлгөндөн кийин аны таануу же тааныбоо тууралуу маселени карай турганын билдирди.

«Биз мамлекеттик башкаруунун жаңы институттары укук талаасында, аталган өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен түзүлөт деп үмүт кылабыз», — деп белгиледи министр.

Дагы окуңуз:

ТИМ: Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди