ТИМ: Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргыз бийлиги Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Министрликтен билдиришкендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

«Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын жана баш калка издеп жаткандардын өлкөгө жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды», — деп түшүндүрдү Тышкы иштер министрлиги.

Министрлик Ооганстандын дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки шарттарда берилип жатканын белгиледи. Ал эми мекемеден ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашуу баскычында экенин айтышты.

Буга чейин, 16-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз бийлиги өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алган ооган студенттерине виза берүүнү улантып, кошумча дагы 500 студентке чейин кабыл алууга даяр экенин экенин белгилеген. 18-августта АКШ Кыргызстанда окугусу келген ооганстандык 150 студенттин окуусун төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.

Ал эми 20-августта Чек ара кызматы интернетте качкындар келгени тууралуу маалымат туура эмес экенин белгилеп, Кыргызстанга Ооганстандын аймагынан качкындар келбегенин кабарлаган.

Ошондой эле аталган кызмат Ооганстанда бийлик алмашкандан кийинки окуяларга, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен болгон чек ара абалына көз салып жатышканын айткан. Бул өлкөлөр Ооганстан менен түз чектешет.

«Талибан» кыймылынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын Оганстанды басып алуу аракети май айынан тартып августка чейин созулду. Талибдер АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылып жатканда чабуул койгон.

Анын кесепетинен талибдер 15-августта Кабулду басып алып, жалпы Ооганстанды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Сауд Арабия жана Германия өзүнүн дипломаттарын эвакуациялаган. Ал эми Орусия элчиликти Ооганстандан чыгаруу кажет эмес деп билдирген. Ал эми кыргыз бийлиги өз жарандарын Ооганстандан эвакуациялап жатат.

«Би-Би-Синин» маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы август айынын ортосуна чейин Ооганстандын 33 провинциясындагы 391 районду көзөмөлгө алды. Ал эми июль айында өлкөнүн 90 гана району талибандын көзөмөлүндө болчу.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы алардын бийлигин тааныбай турган топтун каршылыгына дуушар болду. «Талибанга» каршылык көрсөтүү тобу Панжшер провинциясында жайгашкан. Бул жер талибандын көзөмөлүнө өтө элек жазгыз аймак. Аталган топту аскер кол башчы, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт.

Ал арада «Талибан» кыймылы аталган топтун Панжшердеги турган жерин курчоого алганын айтууда.

23-августта «Талибандын» жетекчилери жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын билдирди.

Тема боюнча:

Чек ара кызматы өлкөгө ооган качкындары келди деген маалыматты төгүндөдү

Ташиев: Кыргызстанда окууну каалаган ооган жаштарына кошумча 500 виза берилет