ТИМ: Ооганстандан өлкөгө дагы 12 кыргыз жараны алынып келинди

Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Катарга эвакуацияланган 11 кыргыз жараны 23-августта өлкөгө алынып келинди.

Тышкы иштер министрлигин эвакуациялангандар саат 4:40та Доха – Дубай – Бишкек аба каттамы менен учуп келишкенин маалымдады.

Министрликтен билдиришкендей, дагы бир кыргызстандык аял 22-август күнү Кабулдан Алматыга эвакуацияланган.

«Ооганстандын аймагында калган кыргыз жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жайгаштырылып, коопсуздукта. Жакында алар мекенине эвакуацияланат», — деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Буга чейин, Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу 24 кыргыз жараны эвакуацияланган. Алардын тогузу Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилген. Ал эми калган 15и 18-августта Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке алып келинген.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Сауд Арабия жана Германия өзүнүн дипломаттарын эвакуациялаган. Ал эми Орусия элчиликти Ооганстандан чыгаруу кажет эмес деп билдирген.

«Талибан» кыймылынын Ооганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын Ооганстанды басып алуу аракети май айынан тартып августка чейин, бир нече айга созулду. Талибдер АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылып жатканда чабуул койгон.

Анын кесепетинен «Талибан» кыймылы 15-августта Кабулду басып алып, жалпы Ооганстанды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

«Би-Би-Синин» маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы август айынын ортосуна чейин Ооганстандын 33 провинциясындагы 391 районду көзөмөлгө алды. Ал эми июль айында өлкөнүн 90 гана району талибандын көзөмөлүндө болчу.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы алардын бийлигин тааныбай турган топтун каршылыгына дуушар болду. «Талибанга» каршылык көрсөтүү тобу Панжшер провинциясында жайгашкан. Бул жер талибандын көзөмөлүнө өтө элек жазгыз аймак. Ал топту аскер кол башчы, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт.

Ал арада «Талибан» кыймылы аталган топтун Панжшердеги турган жерин курчоого алганын айтууда.

23-августта «Талибандын» жетекчилери жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт колдонулду. 

Тема боюнча:

ТИМ: Ооганстандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды

Ооганстан. Жапаров кырдаалга көз салууда, ал кыргыз жарандарын эвакуациялоону тапшырды

«Талибандын» Кыргызстанга коркунучу барбы? Эксперттердин пикири