Чүйдө көрүстөнгө жакын жерде 34 жаштагы аял бакка асынган абалда табылды

Чүй облусунун Жаңы-Чек айылындагы көрүстөндүн жанынан 34 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Назира Имангазиева билдирди.

Имангазиеванын айтымында, 1-сентябрда милицияга Жаңы-Чек айылынан келиндин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барган учурда көрүстөнгө жакын жерде бакка аял асынган абалда табылган. Милициянын маалыматы боюнча сөөккө кароо жүргүзүүдө маркумдун денесинде жаракаттар байкалган эмес.

Ал эми Turmush басылмасы жазгандай, маркум Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын тургуну болгон. Маркумдун классташтары ал «киши колдуу болушу мүмкүн» экендигин билдиришкен.

«Ал 31-августта Бишкекке барып, курбуларына жолукканы кеткен. Андан кийинки күнү анын сөөгү көрүстөндөн табылган. Жеңесине Ысык-Көлгө баруучу таксиге отурганын билдирип, телефон чалган соң, 2-3 сааттан кийин жок болуп кеткен экен», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында 25 жаштагы Күнсулуу Эшботоева 29-апрелде өзүнүн жашаган үйүндөгү кампада асынып алган абалда табылган. Маркумдун ата-энеси кызынын өз өмүрүнө кол салуусуна ишенбей, кызынын өлүмүнө күйөө баласын шектеп милицияга арыз жазышкан.

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.