Жалал-Абаддын тургуну милиция бөлүмүндө каза болгон жолдошу өз ажалынан өлгөнүнө ишенбейт

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Мундуз айылында жайгашкан Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмүндө каза болгон 48 жаштагы кишинин жубайы Дилбар Максутова жолдошунун өлүмүнө милиция кызматкерлерин шектеп жатат.

Максутова «Super.kg» басылмасына курган маегинде «Жолдошумдун кызыктай өлүмүнөн шек санап жатам. Мен милиция кызматкерлеринен көрүп жатам. Алар катуу чаап коюшу мүмкүн» деп айткан.

Ошондой эле, Максутова милиция кызматкерлери маркумдун жакындарына кабар бербей туруп, медициналык экспертизадан өткөргөнүн айтып нараазы болгон.

«Күйөөмдү 31-августта милиция бөлүмүнө алып келгенден кийин эле, жарым сааттан кийин каза болуптур. Кызматкерлер өздөрү билип медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. Бирок бизге кабарды эртеси күнү беришти. 1-сентябрда өлүкканадан алып келдик. Уулум майрам сууга алып жатканда кабыргасы сынганын, колдору карайып калганын жана бел жагында кара тактар бар экенин байкаптыр», — деген ал.

«Уулубузду жакында үйлөйлү деп жатканбыз»

Маркум устачылык кылчу. Каза болгон күнү эртең менен жубайы менен сүйлөшүп, жумушунан 15 миң сом алганын айткан. Максутованын айтымында, алар азык-түлүк сатып алуу үчүн базардан жолугушууну макулдашкан.

«Жолдошум 27-августта кошуна айылга иштегени кеткен. Мен аны 31-августта издей баштадым. Эртеси ооруканаларга дагы бардым. Жолдошум каза болуп калганын инимден уктум. Алгач ооруп, комага түшүп калды деген. Көп өтпөй эле үйгө сөөгүн алып келишти», — деп кейиген Максутова.

Маркумдун артында жубайы, бир уулу жана бир кызы калды. «Кызыбызды турмушка узатканбыз, жакында уулубузду үйлөнтөлү деп жатканбыз» деген Максутова жолдошунун өлүмү акыйкат тергелиши үчүн милицияга арыз жазарын билдирген.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатканын, териштирүү иштери улантылып жатканын билдиришти.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кимдин күнөөлүү экени аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден.

Мындан сырткары, милициядан Максутова азырынча милицияга арыз менен кайрыла электигин кошумчалашты.

Сырдуу өлүм

31-август күнү кечки саат 21:30 чамасында Мундуз айылындагы дүкөндөрдүн биринин ээси «мас абалындагы киши тынчтык бербей жатканын айтып» аймактык милицияны чакырган.

Жерине нөөмөтчүнүн жардамчысы барып, мас кишини милиция бөлүмүнө алып келген. Кармалган киши «өзүн жаман сезип жатканын» айтып, суу сурап ичкен. Мындан улам милиционер айылдын тез жардам бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгерин чакырган. Ал келип биринчи жардам көрсөтө баштаганда «белгисиз себептен улам» каза болуп калган.

Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчиси Эрнис Сатаров, Сузак районунун прокурорунун орун басары Мирбек Тажибаев жана ведомство кызматкерлери окуя болгон жерге барып соттук-медэксперттин катышуусунда сөөккө кароо жүргүзгөн. Милиция анда маркумдун денесинде «жарааттар байкалган эмес» деген.

Андан соң маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун тургуну экени белгилүү болгон. Облустук милициядан киши «өз ажалы менен каза болгонун» айтышканы менен өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кабарлашкан.

Аталган факт КЖБРге «Табылган өлүк» беренеси менен катталган.

Тема боюнча:

Жалал-Абадда 48 жаштагы мас киши милиция бөлүмүндө каза болду