Дашков, түрк компаниясы, Максаттагы кыйраган үйлөр. Булардын кандай байланышы бар?

Сүрөт: Factcheck.kg басылмасы

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арага жакын Максат айылында жабыркаган үйлөрдү кайра курган компанияны изилдеп чыкты. Журналисттер үйлөрдү кыргыз-түрк «Дуваташ» компаниясы салганын, ал түстүү металл рудаларын өндүрүп жүргөн компания экенин аныкташты.

Максат айылында кыйраган 84 үйдүн курулушу 27-августта аяктаган. Курулуш иштерин Түркиянын бийлиги каржылаган.

«Дуваташ» компаниясы Айдаркен сымап комбинатына жана Кадамжай сурьма комбинатына инвестиция кылууну, мындан тышкары алтын кенин иштетүүнү пландаштырууда. Президенттин басма сөз кызматы аталган компания Кадамжайда 800гө жакын, Айдаркен заводунда 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөп жатканын билдирген.

«Дуваташтын» чуулуу ээлери

Юстиция министрлигинде «Дуваташты» Түркиянын «Дуа алтын маденджилик итхалят ве ихраджат анонимширкет» акционердик коому негиздегенин көрүүгө болот. Аталган коом ишмердүүлүгүн үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде баштаган.

«Компания алтын, күмүш жана платина сыяктуу баалуу металлдарды алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Түркиянын ачык булактарында мындан башка маалымат табылган жок», — деп жазат Factcheck.kg басылмасы.

Василий жана Даниил Дашков

Журналисттердин маалыматына ылайык, «Дуваташ» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн арасында ар башка жылдары Даниил Дашков болгон — ал «Коррупцияга» шектелген «Кыргыз темир жолунун» экс-жетекчиси Василий Дашковдун уулу. Ал эми Даниил Дашков өзү да «Алдамчылыкка» шектелүүдө.

Ошондой эле «Дуваташтын» негиздөөчүлөрүнүн катарында Баатырбек Жаантаев да болгон — ал убагында «Сай-Аска» компаниясын жетектеп, «Кыргыз темир жолуна» дээрлик 55 млн сомдук көмүр саткан. Кийинчерээк Жантаев өзү «Кыргыз темир жолуна» кызматка дайындалган.

Дагы окуңуз: «176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?

Ал эми «Дуваташтын» учурдагы жетекчиси Алмазбек Туманов 2020-жылдагы октябрь окуяларында «Кыргызалтын» ачык акционердик коомун «басып алууга» аракеттенген. Бирок мекеменин кызматкерлери жана элдик кошуундар аны «Кыргызалтындын» имаратынан чыгарып коюшкан.

«Юстиция министрлигинин маалымат базасын талдап чыккан соң, Тумановдун “Кыргызалтынга” ээлик кылууга ынтызар болгонунун себеби түшүнүктүү болду. Жалпысынан ал 11 компанияга ээлик кылат, же жетектейт же тиешеси бар. Алардын көпчүлүгү минералдарды, таштарды, баалуу металлдарды казып алуу менен алектенет», — деп жазат Factcheck.kg басылмасы.

Расмий маалыматка ылайык, Туманов «Алашан-Транс», «Магнат М-М», «Геокарат», «Куда-Тау», «Моло-Тау», «Аурум Голд Майнинг», «Алтын-Тоо ЛТД», «Дуваташ Кей-Джи» жана «Дуваташ» компаниялары менен байланышы бар.

Кооптуу үйлөр

Буга чейин Оштун бир нече коомдук уюмдарынын кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ Лейлектеги салынып жаткан үйлөр «өрткө жана селге туруштук бере албашын» билдиришкен. Ошондой эле ыктыярчылар үйлөрдүн фундаменттеринин бийиктиги болгону 25 см экенин, ошондой эле үйлөрдүн СИП-панель жана пластик материалынан салынганы да экологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн деген пикирин айтышкан.

Министрлер кабинети Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млну социалдык объектилерге, калган 200 млн сому кыйраган жана өрттөлгөн турак үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалмакчы.