«Кыргыз темир жолунун» экс-директору Дашковдун уулу кармалды. Ал алдамчылыкка шектелүүдө

Василий жана Даниил Дашковдор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-майда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 500 млн сомдон ашуун каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткенин кабарлады. Учурда бул кылмышка тиешеси бар деп беш адам кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин «Атом Групп» жана «Генезис Плюс» компанияларына 500 млн сомдон ашуун каражат которгон. Бул акчалар товардык-материалдык жүктөрдү жеткирүү үчүн которулган, бирок мамлекеттик ишкана аталган компаниялар менен эч кандай келишим түзгөн эмес.

Бул иштин алкагында атайын кызмат тарабынан 18-майда «Кыргыз темир жолунун» каржы бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кулматов, «Атом Групп» ЖЧКсынын жетекчиси Анвар Ахмеджанов, «Генезис Плюс» ЖЧКсынын директору Гурезали Мирзомудинов, ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков жана анын уулу Даниил Дашков кармалган.

Даниил Дашков «Алдамчылыкка» шектелип жатканы тууралуу айтылды. Ал эми Биринчи май райондук соту аны зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарды — Дашков 18-июнга чейин чыгымдарды төлөшү керек.

ЖМКлар буга чейин атайын кызмат Василий Дашковду «Коррупцияга» шектеп кармаганын кабарлаган, бирок УКМК бул маалыматты төгүндөгөн. Анын эртеси күнү, 19-майда, Биринчи май райондук соту Василий Дашковду 18-июлга чейин үй камагына чыгарган.

Василий Дашков тууралуу журналисттик иликтөө

Василий Дашков — мурдагы милиционер. Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, 2020-жылдын апрелинен тарта мекемени жетектей баштаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганы жөнүндө иликтөө чыгарган.

Иликтөөдө Дашковго байланышы бар үч фирма «Кыргыз темир жолунан» эки жылда эле 176 млн сомдук тендер утуп алганы ашкереленген.

Ушундан соң ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилик кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбека Марипов 25-мартта кол койгон.

Ал эми анын ордуна 8-апрелде мамлекеттик ишкананын жетекчиси болуп Адылбек Адранов дайындалган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын буга чейин кармалган жетекчилери

УКМК өткөн жылдын 15-июнунда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектеп кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки бөлүгүн алып турган.

Мындан сырткары, атайын кызмат тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов 2020-жылдын 14-декабрында кармалган. Кийинчерек ал мамлекетке келтирген 11,7 млн сомдун ордун толтуруп берген. Юнусов убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптын баарын моюндаган.

Ошондой эле, УКМК 2021-жылдын 9-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалады деген шек менен активист Мелис Аспековду жана ишкер Улан Жураевди кармаган.

10-январда Биринчи май райондук соту Аспеков менен Жураевди эки айга, тагыраагы 9-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми 26-январда Улан Жураев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Аспеков дагы деле камакта. Ал жакында эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо үчүн 10 млн доллар бергенин айтып чыккан. Бирок аны президенттин басма сөз катчысы четке кагып, Жээнбеков активистти сотко берерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?