«Орус жарандыгын убадалаган». Иркутскта кыргыз мигранттары 246 миң рубльга алданды

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Иркутск шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды белгисиз адам 246 миң рубльга алдап кетти. Ал кыргызстандыктарга орус жарандыгын алууга жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүнү убада кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 13-сентябрда кабарлады.

«Ал адам убадасын аткарбай, качып баштаган жана жарандардан мурда алынган каражаттарды кайтаруудан баш тарткан», — деп билдиришти элчиликтен.

Жабыркагандар укук коргоо органдарына кайрылган, бирок Орусиянын күч органдары «кылмыштын курамы жок» болгонуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Мындан улам кыргызстандыктар элчиликтин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылышкан. Ал эми дипломаттар Иркутск облусунун прокуратурасына кайрылып, натыйжада «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Соттук териштирүүнүн алкагында кылмыштуу аракеттердин натыйжасында келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди», — деп айтылат кыргыз элчилигинин маалыматында.

Орусияда 1 млнго чукул кыргызстандык эмгектенет же билим алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кулдай иштейт, жек көрүнөт». Орусиялык укук коргоочу мигранттар жөнүндө эмне дейт?

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт