«Мыйзам ченеминде иштейли». Жылдызкан Жолдошева ИИМге сурак берүүдөн баш тартты

Жылдызкан Жолдошева

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» иши боюнча Ички иштер министрлигинине 16-сентябрга чакырылып, бирок сурак берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Жолдошева фейсбук баракчасында билдирди.

«Суракка бардым, бирок суроолоруна жооп берүүдөн баш тарттым, анткени суракка алуу процедурасы мыйзамга туура келбегендиги үчүн [...] Кимиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, диверсиялык жол менен [кайрылууну] коомчулукка таратканы… бийликтин трагедиясы», — деп жазды Жолдошева.

Ошондой эле, Жолдошева Super.kg басылмасына курган маегинде милиция кызматкерлери ага маданият кызматкерлери жолдогон катты көрсөтө алышкан эместинин белгилеген. Экс-депутат президент Садыр Жапаровго кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова «кат бурмаланып калды» деп айтканын да эске салган.

Мындан сырткары, Жолдошева сурак эмне себептен мыйзамга туура келбегенин түшүндүрдү. Анын айтымында, аталган кайрылуу катка президент резолюция коюп, ИИМдин башчысына жибериши керек болчу. Андан ары бул каттын негизинде иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталышы шарт деп эсептейт Жолдошева.

«Аны дагы талап кылсам, көрсөтө алышпай койду. Ошон үчүн мен сурак берүүдөн баш тарттым. Мыйзам ченеминде иштейли десек, мыйзамдын так аткарылышын талап кылуу зарыл», — деди Жолдошева.

«Каралоо жана бут тосуу»

Жылдызкан Жолдошева саясатчылардын суракка чакырылганын «каралоо» жана шайлоонун астындагы «бут тосуу» деп атады.

«Эгерде бийликтин ушул кайрылууга тиешеси жок болсо, анда ошол кайрылуунун ким жазды жана эмне себептен маданий кызматкерлердин, болгондо дагы улгайып каган эжекелерибиздин атын колдонушту? Алардын кол койгон башка катын, кайрылуусун бурмалады. Ушундай көп суроолор жаралып жатат», — деди Жолдошева.

Саясатчы бийлик өкүлдөрү «чагымчыл кайрылуунун уюштуруучусун аныктоого ынтызаар болушу керек» деп эсептейт. Жолдошева 2010-жылы да мындай «кысымды башынан өткөргөнүн» айтып, «тилекке каршы азыр да ушундай кысымга туш келип калдык» деди.

14-сентябрда бир катар маданият ишмерлердин колу коюлган — айрымдары «телефон аркылуу макул» болушкан — кат Садыр Жапаровдун администрациясына жиберилген. Анда алар 17-сентябрда айрым саясатчылар «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтышкан. Ошондой эле кайрылууда депутаттар жана мурдагы аткаминерлердин аты-жөнү жазылган — алардын дээрлик бардыгы ИИМге сурак берип чыгышты.

Кийинчерээк кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова «каттын биринчи бети бурмаланып калган» деп билдирди. Ошондой эле кайрылууга «телефон аркылуу макул болгон» маданият кызматкерлери каттын мазмуну менен таанышпаганын жана алардын атын пайдаланганына нааразы болушту.

ТЕМА БОЮНЧА: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Мындан сырткары, күч органдары бул иштин алкагында ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Толубай» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевди кармашты. Алар эки айга камакка алынды — Асанов №50 тергөө абагына, ал эми Сарыбае №1 тергөө изоляторуна.

Асанов жана Сарыбаевдин кармалышына маданий ишмерлердин кайрылуусунан сырткары «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп тараган аудио жазуу да себеп болгон. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.