«Союш жебей, чай ичпей эле келдим». Ош облусунун башчысы «чай уюштурууну» токтогууга чакырды

Сүрөт: Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов айыл өкмөт башчыларын «текшерүү органдарына чай уюштурууну токтотууга» чакырды. Облус башчысы мындай билдирүүнү 17-сентябрда Кара-Суу районунда өткөн жыйында жасады.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, жолугушууга тургундар, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана депутаттары катышкан. Жамалдинов муниципалдык кызматкерлерге «бюджетке кол салбай, таза иштөө керектигин» айтып, текшерүү органдарына чай уюштурбоого үндөдү.

Сүрөт: Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

«Текшерүү органдары айыл өкмөттөрүн кезекке коюп алган. Аларды текшерип туруп, анан “4-5 киши болуп келебиз, бизге чай даярда” дейт. Анан барып союшту жешет. Аны айыл өкмөттөр чөнтөгүнөн кылат беле? Жок. Баарын өкмөттүн бюджетинен кылат. Азыр айыл өкмөттөргө “токтоткула” деп айтып атам. Муну өзүмдөн баштайын дедим. Азыр беш районду кыдырып келдим, эч жерден союш жебей, чай ичпей эле келдим, мына эч нерсе болгон жокмун», — деген Жамалдинов.

Оштун мэри депутаттарга уюштурган «сый тамак»

Бир ай мурун Ош шаарынын мэри мэрлик кызматка шайлангандан кийин шаардык кеңештин депутаттарына, вице-мэрлерине жана мэриянын кызматкерлерине шаардагы «ИЗЮМ» ресторанында сый тамак уюштурган.

Анда жылкы союлуп, устукан тартылган. Журналист Даткабек Шабданбеков ресторандан түз эфирге чыгып, «эл өкүлдөрү добушту ушундай сый тамакка, жылкынын этине алмаштырыштыбы», «“чай” шаардык казынанын эсебинен уюштурулуп жатабы» деп суроо узаткан.

Мэриянын аппарат башчысы Жалил Осмонов «чай» кайсыл каражатка уюштурулгандыгы тууралуу суроого так жооп бере алган эмес. Ал эми ошол кезде депутат болуп турган Нурбек Исмаилов эл өкүлдөрү сессиядан кийин «чай» ичип жаткандыгын айтып, «ар ким өзүбүздүн акчабызга чай ичип отурабыз. Эч кандай саясат жок. Мэрден чай жок бул жерде» деп жооп берген.

Анткен менен «Улуттар Биримдиги» партиясынан депутат болгон Абдыжапар Аккулов «чайды» ошол кезде жаңы шайланган мэр Алмаз Мамбетов уюштурганын тастыктаган. Мындан сырткары, «Биздин Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Нуркыз Кадырбек кызы да Аккуловдун сөздөрүн ырастаган.

Сый тамак уюштурулгандан кийин 6-сентябрда «ИЗЮМдун» жетекчиси Марс Исаев мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган.

Тема боюнча:

«Устукан тартылган». Оштун мэри Алмаз Мамбетов депутаттарды ресторанда сыйлады

«ИЗЮМдун» ээси Марс Исаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Ош мэринин м.а. басма сөз жыйындан кийин журналисттерге дасторкон жайды