«Кумтөр» иши. Эки депутат жана эки экс-премьер тергөө изоляторунда калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда «Кумтөрдөгү» коррупция ишинде шектүү катары өтүп жаткан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Соттун чечимине ылайык, эки саясатчы 30-ноябрга чейин УКМК ТИЗОсунда болот.

Ошондой эле, мурдагы премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариев дагы 30-ноябрга чейин камакта калды. Белгилеп кетүүчү жагдай, Жоомарт Оторбаев коррупцияга эмес, Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү жок кылууга макулдугун берүүгө айыпталып жатат.

Ал арада, отурум жүрүп жаткан маалда Асылбек Жээнбековго боштондук талап кылган тарапташтары соттун имаратына чогулду.

Жээнбеков, Зулпукаров, Оторбаев жана Сариевдин кармалышы

Депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан 2021-жылдын 31-майында кармалган. Ошол эле күнү кечке маал борбор калаанын Биринчи май райондук соту аларды эки айга УКМКнын ТИЗОсуна камакка алууну чечкен.

Жээнбековдун адвокаты бир нече жолу чечимге даттанган, бирок депутаттын бөгөт чарасы УКМК ТИЗОсуна камакка алуу бойдон калган.

Жоомарт Оторбаевди УКМК кызматкерлери 16-сентябрда кармашкан. Улуттук коопсуздук комитетинин версиясы боюнча, Оторбаев премьер-министр болуп турганда Кумтөр кенинин башкы планы боюнча экспертиза өткөрүүдө Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине басым жасаган.

Андан тышкары, «Кумтөр» иши боюнча бир катар саясатчылар айыпталууда. Алардын арасында экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев бар. Сариевди УКМК 3-августта кармаган.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, Сариев экономика министри жана «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезде ишкана тарабынан экологияга келтирилген зыяндын өлчөмүн бир нече миллиард сомго кыскарткан.

*2011-жылы Темир Сариев экономика министри болуп, бир жылдан кийин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген. 2015-жылы Сариев өлкөнүн премьер-министри болгон, бирок бир жылдан кийин Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоонун айланасындагы ызы-чуудан улам кызматтан кеткен.

УКМК экс-премьер-министрдин иш-аракетинен мамлекеттке «эбегейсиз зыян» келтирилгенин кошумчалаган.

«Кумтөр» иши боюнча тергөө жана соттук отурумдардын жүрүшүндө эки саясатчыга гана өкүм чыккан. Алар Талантбек Узакбаев жана Исхак Пирматов. Сот аларды күнөөлүү деп таап, айып төлөөгө милдеттендирген.

Суракка алуу жана чуулгандуу кармоолор Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин жарыялагандан кийин башталган. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине, калган үч иш — коррупция фактылары боюнча аткаминерлерге байланыштуу.