Сот Темир Сариевди эки айга камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевди 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизди.

«Бүгүн Темир Аргембаевичке [Сариевге] кабарлама берилди, ага “Коррупция” беренеси менен айып тагылды. Биз ал айып менен макул эмеспиз, себеби тергөө органдарында эч кандай документалдык далилдер жок», — деди саясатчынын жактоочусу Тимур Султанов.

Сариевдин жактоочусу Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эмес экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна даттана турганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Темир Сариевди «Кумтөр ишинин» алкагында 3-августта кармаган. Атайын кызматтын версиясы боюнча, Сариев экономика министри жана «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезде ишкана тарабынан экологияга келтирилген зыяндын өлчөмүн бир нече миллиард сомго кыскарткан.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызмат адамдарына карата козголгон.

Бул иштин алкагында биринчилерден болуп мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган. Ал «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.

Ал эми 31-майда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалышкан.

Кийинчерээк атайын кызмат экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган. Аткаминерлер «Коррупцияга» шектелип, Молдошевадан башкасы эки айга камакка алынышкан.

Ал эми Сарпашев жана Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, эч жака кетпөө шарты менен бошотулган. Экс-премьер Бабанов болсо ден-соолугуна байланыштуу бошотулуп, чет өлкөгө дарыланууга кеткен.

29-июлда Биринчи май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» кунөлүү деп таап, ага 300 миң сом айып пул салган. Узакбаев соттук отурумда күнөөнү мойнуна алып, башка айыпталуучуларга каршы көрсөтмө берген.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.