«Туран» партиясы «Ата Мекенге» кошулду 

«Ата Мекен» «Туран» саясий партиясы менен бириккенин 27-сентябрда фейсбук барагына жазды.

Андагы маалыматка караганда, «Туран» 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Ата Мекенге» кошулду. Буга чейин атамекенчилер «Реформа» партиясы менен бириккенин жарыялаган.

«Ата Мекен» жана «Туран» бирикти. Сүрөт: «Ата Мекен»

«Буга чейин “Ата Мекен” жана "Реформа" партиялары түзгөн "Эге Мен" демократиялык коалициясына бүгүн "Туран" партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшту», — деп билдиришти партиядан.

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов. Акыркы маалыматтарга караганда, Молдокматовдун жүрөгүнө операция жасалгандан кийин «Бикард» клиникасында дарыланып жатат.

Молдокматов үстүбүздөгү жылдын май айында «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» шектелип кармалган. Андан соң тергөөгө нааразы болгон саясатчы ачкачылык жарыялап, көп өтпөй жүрөгү ооруганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Парламенттин депутаттары аралаш система менен шайланат. Анда 120 депутаттын ордуна 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.

БШКнын маалыматына караганда, 70тен ашык партия шайлоого катышуу тууралуу арыз берген. Бирок үгүт мезгили жана шайлоо күрөөсүн төккөнгө чейин алардын саны кыскарышы мүмкүн.