Жеңиш Молдокматовдун жүрөгүнө «Бикард» клиникасында операция жасалды

Башаламандыктарды уюштурууга айыпталып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов ден соолугу солгундаганына байланыштуу «Бикард» клиникасына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

«Айыпталуучу жеке клиникада, конвойдун кайтаруусунда. Анын абалы канааттандыраарлык», — деп билдиришкен мамлекеттик кызматтан 24.kg басылмасынын журналисттерине. ЖАМКнын маалыматына караганда, «Туран» партиясынын лидеринин жүрөгүнө операция жасалды.

Бир күн мурун Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев ачкачылык жарыялагандан кийин саясатчынын жүрөгү ооруп жатканын айткан болчу.

«Ачкачылык жарыялаган кезде өзүн жаман сезе баштаган, медиктер токтотууну кеңеш берген. Ал акцияны токтотуп, текшерүүдөн өткөн. Ошол учурда жүрөгү ооруй турганы аныкталды», — деп айтып берген адвокат.

Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 24-августта эле ТИЗО-1ден №47 колониянын алдындагы ооруканага которулган болчу.

Буга чейин «Бикард» клиникасынын директору ТИЗО-1дин дагы бир соттолуучусу активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалганын айтып берген. Инфаркт алган Аспековго августтун аягында операция жасалган. Ал дагы клиникада реабилитациядан өтүүгө тийиш.

*«Бикард» — аткаминерлер коррупцияга шектелип ТИЗОго киргизилгенден кийин, саламаттыгы начарлады деген жүйөө менен жаткырылган жеке клиника. Эмнегедир чиновниктердин бардыгынын ден соолугунда көйгөй жаралып, ооруканага жаткырууга аргасыз болуп келет. Мисалы, «Магнитский тизмесине» кирген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана «Кыргыз Темир Жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков камактагы мөөнөтүн клиникада өткөрүшкөн. Саналып өткөндөрдүн акыркысы клиниканын аймагында бейтааныш аял менен сүйлөшүп отурганын блогерлердин бири видеого тартып алган. Ушундан соң аткаминер ТИЗОго кайтарылып, бир катар милиция кызматкерлери кызматтан алынган.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.