БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоого бир мандаттуу округдан аттанат

Атыр Абдрахматова

Юрист жана жарандык активист Атыр Абдрахматова парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 29-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Ал Ысык-Көл облусунун №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан аттанат.

Абдрахматова 2015-2020 жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чейин шайлоочулар №2 формасы аркылуу жапырт катталып жатканын аныктап, бул маселени БШКнын жыйынында көтөрүп чыккан.

Анткен менен Боршайком чара көргөн эмес. Мындан улам Абдрахматова кесиптештерин, айрыкча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы сынга алган.

Ал эми шайлоодогу мыйзам бузуулар бийликтин алмашуусуна алып келгенден кийин Абдрахматова Боршайкомдон кетүүнү чечкен. Абдрахматова өз арызында БШКда «эң биринчи кадамдан акыркы добуш берүү күнүнө чейин көптөгөн мыйзам бузуулар» болгонун белгилеген.

«Андан сырткары, саясий партиялардын талапкерлерин каттоодо, үгүт иштерин жүргүзүүдө саясий партиялардын тең укуктуулугу сакталган эмес. Административдик ресурсту колдонууга, добуштарды сатып алуу фактыларга мыйзамга ылайык чара көрүлбөй, “бармак басты көз кысты” болуп, укук коргоо органдарына жиберимиш болду. Укук коргоо органдарынын аракетсиздигин да ар кандай шылтоо менен жаап жашырып унуттурууга алып келүү аракети элге анык», — деп жазган Абдрахматова өз арызында.

Ошондой эле, Абдрахматова октябрь окуяларына жоопкерчиликти Боршайкомдун мүчөлөрү «мойнуна алыш керек» деп кошумчалаган.

30-сентябрга карата парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин 57 киши билдирди. Алардын ичинде «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев, депутаттар Айбек Алтынбеков, Азизбек Турсунбаев жана Тазабек Икрамов да бар.

Ал эми Атыр Абдрахматовадан сырткары №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан депутат Саматбек Ибраев, Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов жана экс-депутат Арсланбек Малиев катышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.