Канат Исаев парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууга арыз берди

Канат Исаев

«Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Канат Исаев 18-сентябрда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Исаев шайлоого №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан аттанат.

Бир мандаттуу округдардан дагы кимдер катышат?

Депутаттарды бир мандаттуу система менен шайлоо үчүн Кыргызстандын аймагы 36 округга бөлүндү. Округдардын тогузу Ош облусу жана Ош шаарына, жетөө Жалал-Абад облусуна, алтоо Чүй облусуна, төртөө Бишкек шаарына, Баткен жана Ысык-Көл облустарында үчтөн, Талас жана Нарын облустарында экиден берилген.

Шайлоого бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлер 13-октябрга чейин БШКга арызын бериши керек. Учурда экс-спикер Исаевден сырткары бир мандаттуу округдардан дагы 10 киши шайоого катышуу ниетин билдирген, алар:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

*«Ачык тизме» же преференциялык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

Ошол эле учурда Исаев жетектеген «Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоого катыша турганын билдирген.

Исаев 2020-жылдын 13-октябрда парламенттин төрагасы болуп шайланган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшыргандан кийин, өлкө башчынын ыйгарым укуктары Исаевге өтүүсү керек болчу, бирок ал баш тарткан. Мындан улам президенттин милдеттери ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

Ал эми 4-ноябрда Исаев төрагалыктан кетип, президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Исаев 0,59% добуш алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

75 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Парламенттик шайлоого дээрлик 600 млн сом сарпталат, анын көбү айлык маяна үчүн жумшалат