Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев шайлоого катышуу арызын берди

Элмурза Сатыбалдиев

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 29-сентябрда арызын берди. Сатыбалдиев талапкерлигин Ош облусунун №12 Өзгөн шайлоо окуругунан көрсөттү.

Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары бозгун президент Курманбек Бакиевдин тушунда башкы прокурор, ал эми 2009-2010-жылдары президенттин кеңешчиси болгон. Учурда ал Кыргызстандын воллейбол федерациясынын президенти.

Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2014-жылы Сатыбалдиевди «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кескен. Сот анын аракеттери «2010-жылдын 7-апрелде болгон революцияда 87 кишинин өлүмүнө алып келген» деп тапкан.

Бирок Сатыбалдиев толук жаза мөөнөтүн өтөгөн эмес — ал 2016-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. 2019-жылы Октябрь райондук соту анын соттуулугун алып салган.

2018-жылы Сатыбалдиев «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев уюштурган тойго катышып, кримтөбөлдүн апасын туулаган күнү менен куттуктаган. Ошондой эле ал 2019-жылы Матраимовдордун үй-бүлөсү уюштурган спорттук иш-чарага да катышкан.

2020-жылы октябрда өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Сатыбалдиев «Замандаш» партиясы менен катышкан.

30-сентябрга карата парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин 57 киши билдирди. Алардын ичинде «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев, депутаттар Айбек Алтынбеков, Азизбек Турсунбаев жана Тазабек Икрамов да бар.

Ал эми Сатыбалдиевден сырткары №12 Өзгөн шайлоо округунан азырынча эч ким катышуу ниетин билдире элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.