Ош шаарынын күнүнө 1,7 млн сомдон ашуун каражат сарпталды. Тендерлерди кимдер утту?

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Оштун мэриясы шаардын 3021 жылдыгына арналган иш-чара жана концертке 1 млн 770 миң сом сарптады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан белгилүү болду.

Ош шаарынын күнү 5-октябрда белгиленген. Алгач эртең менен калаанын борбордук аянтында парад өтүп, кечинде кыргыз, өзбек жана орус ырчылардын катышуусунда концерт уюштурулду. Ошондой эле, кечки иш-чарада салют атылды.

Майрамга даярдыктарды көрүү Муниципалдык менчик башкармалыгы менен Ош шаардык маданият башкармалыгына жүктөлгөн.

Маданият башкармалыгы сахнанын жасалгасына дээрлик 500 миң сомго үч тендер жарыялаган:

  • Сахнаны жасалгалоого жана алып баруучуларды жалдоого 55 миң сом. Аны «Омор Плюс» ЖЧКсы 48 миң сомго утуп алды. Аталган компания адистештирилбеген чекене соода менен алектенет;
  • Маданий ишмерлердин жана операторлордун айлык акысы, ошондой эле жарык-музыкалык жабдыктарды ижарага алууга 481 миң сом. Бул тундерди «Фаст Хом Групп» компаниясы 425 миң сомго утуп алган. Кызыгы, бул компаниянын ишмердүүлүгү «турак жана турак эмес жайларды куруу» деп көрсөтүлгөн. Компаниянын директору Болот Якубов Ош шаардык кеңешке шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан;
  • Байгелерге (телевизор, чаң соргуч жана микротолкун меш) 24 миң сом — аны жеке ишкер Айсалкын Абдимиталип кызы 22 300 сомго утуп алды.

Ал эми Муниципалдык менчик башкармалыгы 1 млн 147 миң сомго тендер жарыялады — анын 673 миң сому кечки концерт үчүн борбордук аянтта сахнаны курууга, ал эми 473 миң сому баннерлерди жасатууга каралган.

Сахнаны 660 миң сомго жеке ишкер Данияр Гадеев жасап берген. Ал эми баннерлерди «Монтаж Строй» курулуш компаниясы 437 миң сомго жасап берди. Кызыгы, майрам күнү Муниципалдык менчик башкармалыгы баннерлерди жасатууга кошумча 177 миң сомдук тендер дагы жарыялаган — бул тендер 7-октябрга чейин созулат.

Ал эми аянтта атылган салюттар жеке ишкерлердин эсебинен уюштурулду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жергиликтүү ишкерлер 2020-жылы да салюттарга демөөрчү болушкан. Ошондой эле, мэриядан чет өлкөлүк ырчылар акысыз ырдаганын кошумчалашты.

Ош мэриясынын талкуу жараткан тендерлери

Ош шаарынын мэриясы 2021-жылы бир нече майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн жарыялаган тендерлери кызуу талкууга алынган. Алардын бири Ноорузга карата жарыяланган 553 миң сомдук тендер.

Нооруз майрамы 21-мартта белгилене турганына карабастан, тендердин мөөнөтү 23-мартка чейин созулган. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясы Нооруз майрамына байланыштуу иш-чара өткөргөн эмес.

Ал эми үстүбуздөгү жылдын июнь айында Оштун мэриясы жаштардын инновациялык борборунун ачылыш аземине карата боорсок, самса жана пирог сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Тендерге ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 миң сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон.

Ош мэриясынан 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми анын баасы техникалык катадан улам, ал жерде ашыкча нөл жана үтүрлөр кошулуп калгандыктан көбөйүп кеткен деп айтышкан.

«Негизи кофе-брейкке бөлүнгөн акча уткан фирмага которула элек. Эми ал тендер кайра жокко чыгарылып, башынан өткөрөбүз», — деген Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин ошол кездеги башчысы Иззатбек Берхмаматов.

Анткен менен юрист жана экономист Замир Пусуртегин аткаминердин техникалык ката жөнүндөгү сөзү «жөн эле шылтоо» болгонун билдирген.

Кийинчерээк Башкы прокуратура бул тендерде мыйзам бузуулар болгонун ырастап, Оштун жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү «дисциплинардык жоопкерчиликке» тартылганын маалымдаган.