Бир кадр менен: Ала-Букада УКМКнын жаңы бөлүмү ачылып, ага Ташиев катышты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы мекеменин башчысы Камчыбек Ташиев 6-октябрда Ала-Бука районунда УКМКнын жаңы бөлүмүнүн ачылышына катышканын билдирди.

Ташиев жаңы имараттын ачылышында Ала-Бука району мамлекеттик чек арага жакын жайгашканын, УКМК кызматкерлер аткезчиликке каршы күрөшүшү керектигин айтты.

Ал УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу өлкөнүн башка облустарында дагы уланарын кошумчалады. Буга чейин УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү 1936-жылы курулган имаратта иштеп келген.

Ушуну менен бул айда УКМКнын аймактык бөлүмдөрү үчүн үчүнчү жаңы имарат ишке берилип жатат. Ар бирин Камчыбек Ташиев өзү салатанттуу түрдө ачып, кызматкерлерге өткөрүп берди. Буга чейин Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондук УКМК бөлүмдөрүнүн ачылыш аземине катышкан.

Мындан тышкары, июль айында Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөдөн турган кызматтык үй курула баштаганы белгилүү болгон. Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2022-жылдын аягына чейин толугу менен аяктап колдонууга берилиши керек. Батирлер чек арачылар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт.

УКМК төрагасы анда турак үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, өнөктөштөр тарабынан курулуп жатканын билдирген. Бирок ал кайсы өнөктөш экенин ачык айткан эмес.