Жапаров министрлер кабинети жөнүндө мыйзамга кол койду

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 11-октябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол койгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун 6-октябрда үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бирок жыйынга катышкан журналисттер парламентте болгону 50дөн ашпаган депутат отурганын белгилешти.

Алардын маалыматына караганда, жыйынга катышпаган эл өкүлдөрү үчүн кесиптештери кнопка басышкан. Мисалы, депутат Шайлообек Атазов үч кесиптеши үчүн добуш бергенин журналисттерге өзү айтып берген.

Мыйзамда эмне жөнүндө жазылган?

Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам президентке өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугун берет.

Документке ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындайт, андан соң парламентке сунуш келтирет.

Мындан ары министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясын жетектейт. Ал эми администрация өкмөттүн аппаратынын милдетин аткарат. Мыйзамдын долбоорунда минкабдын мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз болот деп жазылган, бирок аны менчиктештирүүгө тыюу салынган. Минкабдын башчысы жана мүчөлөрү соттолбогон болушу керек. «Соттуулугу жокко чыгарылганы же мөөнөтү аяктаганы» мааниге ээ эмес.

Ал эми министрлер кабинетинин мүчөсүн «президенттин макулдугу» менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Эгерде министрдин мамлекеттик сыйлыктары бар болсо тергөө учурунда камакка алынбайт, үй камагында гана болот.

Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет

Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам жаңы кабыл алынган Конституциядан улам пайда болду. Анда президенттин ролу бийликтин бардык бутактарында күчөтүлгөн, анткени Кыргызстан мындан ары президенттик өлкө болуп калды. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин өкүлү болгон минкаб түздөн-түз президентке баш ийет.

Активисттер менен юристтер жаңы Конституция президентке министрлер кабинетинин, парламенттин, ал тургай соттордун үстүнөн башкарууга чексиз бийлик бергени үчүн кескин сынга алышкан.

Минкабдын курамы өзгөрүшү мүмкүнбү?

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол коюлган күнү Бир катар кыргыз ЖМКлары 11-октябрда жеке маалымат булактарына таянып жакынкы күндөрү министрлер кабинетинде кадрдык алмашуулар болорун жазышкан. Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, минкабдын башчысы Улукбек Марипов кызматынан кетип, ордуна президенттин үзөңгүлөшү, Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келет.

Марипов 2021-жылдын февраль айында премьер-министрлик кызматка дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын май айында жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Марипов өз ордун сактап калган, бирок министрлер кабинетинин төрагасы деп аталып калган.

«Азаттык» басылмасы дагы өз булактарына таянып, башка кадрларды да алмаштыруу күтүлүп жатканын кабарлады. Алардын маалыматына караганда, учурдагы УКМКнын төрагасы, президенттин үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев кызмат ордун сактап калат, бирок ошол эле учурда министрлер кабинетинин төрагасынын коопсуздук боюнча орун басары болушу мүмкүн.

Ташиев УКМКнын башчылыгына өлкөдө бийлик алмашып, Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенден кийин дароо 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган. Бул кызматка Ташиевди Садыр Жапаров өлкө башчысынын м.а. болуп турганда дайындаган.