КТРКнын мурдагы жетекчиси Социалдык фонддун директору болуп дайындалды

Бактияр Алиев

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) мурдагы жетекчиси Бактияр Алиев Социалдык фонддун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Алиевди эмгек жамаатка 18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын октябрь айында соцфонддун жетекчиси Жаныбек Орозалиевди «24 саат иштегенди билбегендиктен» кызматтан алган. Ошол себептүү, соцфондду жетекчинин орун басары Арстанбек Абдуллаев убактылуу директордун милдетин аткарып жаткан.

Бактияр Алиев болсо 15-октябрда КТРКнын жетекчилигинен өз арызынын негизинде кеткен. Анын ордуна мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев убактылуу дайындалган.

Бактияр Алиев деген ким?

44 жаштагы Бактияр Алиев 2000-жылы Ош технологиялык университетинин финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар.

Алиев эмгек жолун 1999-жылы Өкмөттүн алдындагы финансылык көзөмөл инспекциясында инспектор болуп баштаган. Кийинчерээк ал кредиттик бирикмелерди колдоо боюнча финансылык компаниясында иштеп, 2001-жылы Социалдык фондго которулган.

Алиев 2009-жылга чейин Соцфонддун ар кандай бөлүмдөрүндө жетектөөчү адистен бөлүм башчыга чейин көтөрүлгөн. 2020-жылдын 30-декабрында КТРКнын башкы директору болуп шайланган.