Жогорку сот Атамбаевди 11 жылга кескен өкүмдү калыбына келтирди

Алмазбек Атамбаев

Жогорку сот 12-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү калыбына келтирди. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев «Апрель» телеканалына билдирди.

2020-жылдын август айында Атамбаев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы «Коррупцияга» күнөөлүү деп табылган. Ал эми 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген болчу.

Жогорку соттун чечимин жокко чыгарып, Атамбаевди айыптоо өкүмүн калыбына келтирүү өтүнүчүн Башкы прокуратура келтирген. Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев бул «Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети» экенин билдирген.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Ал эми кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда тергелип баштаган. Анда иштин фигуранттарынын бири Алмазбек Атамбаев болгон.

Аны менен катар, мурдагы президент Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо, Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер алуу жана Терек-Сай кенин иштетүүгө лицензия берүү боюнча «Коррупцияга», ошондой эле «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталган.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген. Атайын операция учурунда спецназчы Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган.

Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар делген башка аткаминерлер тергөө менен кызматташууга барып, айып пулга жыгылышкан. Айрымдары кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бошотулган.

Ал эми «Кой-Таш окуяларынан» кийин Атамбаев жана анын тарапташтарына «Бийликти күч менен басып алууга», «Массалык баш аламандыкты уюштурууга», «Адамдарды барымтага алууга», «Адам өлтүрүүгө», «Адам өмүрүнө кол салууга», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулукка» беренелери менен айып тагылган.

2020-жылы октябрь окуяларында Атамбаев жана анын тарапташтары бошотулган. Бирок көп өтпөй ал кайрадан кармалып, абакка кайтарылган. Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда Атамбаевге дагы үч айып тагылды — 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы «Массалык башаламандыктар» жана ондогон түрк жаранына «мыйзамсыз» кыргыз паспортторун берүү боюнча «Коррупция». Учурда Атамбаев №47 түзөтүү колониясында кармалууда.