Шайлоо-2021: БШК бир мандаттуу округдардан 14 кишини каттоодон баш тартты

Байжигит Мурзакматов / Ербол Токтогулов / Өскөнбай Жээнбаев / Болотбек Чокморов

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан катышуу ниетин билдирген 14 кишини талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын 22-24-октябрдагы отурумдарында кабыл алынды.

Каттоодон өтпөй калган талапкерлердин 10у шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес, алар:

  • Байжигит Мурзакматов — талапкерлигин №26 Ленин шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Арстанбек Тайлаков — талапкерлигин №4 Көк-Жар шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Ербол Токтогулов — талапкерлигин №30 Ысык-Ата шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Болотбек Чокморов — талапкерлигин №32 Кочкор шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Мунарбек Турков — талапкерлигин №13 Сузак шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Баатырбек Олжобаев — талапкерлигин №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Кумарбек Самидинов — талапкерлигин №13 Сузак шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Бактыгул Ажибеков — талапкерлигин № 20 Манас шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Беки Жолдошов — талапкерлигин №5 Ноокат шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Елена Клипачева — талапкерлигин №27 Биринчи май шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Улукбек Тургунбаев — талапкерлигин №29 Свердлов шайлоо округунан көрсөткөн.

Ошондой эле, депутат Өскөнбай Жээнбаев шайлоо күрөөсүн мыйзам бузуулар менен төлөгөнү маалымдалды. Ал шайлоого №1 Алай шайлоо округунан арыз берген.

Боршайкомдун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиеванын айтымында, Жээнбаев шайлоо күрөөсүн «Демир Банктан» төлөгөн. Бирок БШК буга чейин шайлоо күрөөсүн «РСК Банк» же «Айыл Банктан» төлөө керектигин белгилеген.

*Жээнбаев үстүбүздөгү жылдын май айында «Республика Ата-Журт» фракциясынан депутаттык мандатка ээ болгон. Ал ЖАМК менен ИИМдин мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин ордуна келген.

Дагы бир талапкер Нурлан Касымовдун жогорку билими жөнүндө дипломдун нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү жасалма болгону аныкталды. Шайлоо жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттин депутаты жогорку билимдүү болушу кажет. Касымов шайлоого талапкерлигин №19 Токтогул шайлоо округунан көрсөткөн.

Ал эми №26 Көк-Жар шайлоо округунан катыша турган Жолдубай Бекжанов шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу БШКга арыз берген.

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 13-октябрда аяктаган. Анда 381 талапкер катышуу ниетин билдирген — анын 32и аял. Бүгүнкү күндө 335 киши документтерин толугу менен тапшырды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат. Бүгүнкү күндө шайлоого катыша турган 21 партия документтерин тапшырды.