Парламенттик шайлоо: БШКга 21 саясий партиянын документтери келип түштү

Иллюстративдик сүрөт

Материал 20-октябрда саат 15:25да жаңыртылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-октябрь саат 18:00дө парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын документтерин кабыл алууну жыйынтыктады.

Буга чейин БШК 23 партия талапкерлердин тизмесин бекиткенин кабарлаган болчу. Анын ичинен 20 партия документтерди толугу менен тапшырды.

Мекеменин басма сөз кызматы «Клоопко» кабарлагандай, «Жашасын Кыргызстан» партиясы документтерди толугу менен тапшырган жок, ал эми «Ак Асаба» партиясы документтерди кеч тапшырды. Мындан сырткары, «Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы» Боршайкомго келген жок. Анткен менен БШК «Жашасын Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алды.

Эми төмөнкү партиялар парламенттик шайлоодо атандашууну улантат:

Ошондой эле, Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 13-октябрда аяктаган. Шайлоого бир мандаттуу округдардан 381 талапкер катыша турганын билдирген — анын 31и аял-талапкерлер. Бүгүнкү күндө БШК анын 80нин каттоодон өткөрдү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.