Жапаров менен Жээнбеков Раззаковдун 110-жылдыгына карата иш-чарага чогуу катышты

Президенттик администрация 25-октябрда кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөнүн кабарлады.

Иш-чарада президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Көрүүчүлөрдүн катарында экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Кыргызстандын эки президенти — учурдагы жана экс-президент алдыңкы катарда отурушту.

Ошондой эле ЖМКларда Жапаров менен Жээнбеков Исхак Раззаков тууралуу баянды угуп жаткан видео тарады.

Ага чейин Жапаров бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча курган басма сөз жыйынында Жээнбеков кызматын эл каалоосун эске алып бошотуп берген деп айткан. Ошондой эле, ал Жээнбековдун экс-президент макамы алынбай турганын баса белгилеген.

Жээнбековдун отставкасы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин шартында 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен. Бул башаламандыктардын шартында экс-депутат Садыр Жапаров тарапкерлеринин колдоосу менен абактан бошотулуп, андан соң өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Жээнбеков кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин өлкө башчылыгынан кетүүгө даяр экенин айткан. Бирок Жапаровдун тарапташтары анын тез арада отставкага кетүүсүн талап кылып, Жээнбеков бул талапты аткарууга мажбур болгон.

Андан кийин ал экс-президент макамына ээ болуп, мамлекет тарабынан тиешелүү артыкчылыктарга ээ болгон.

Президенттер буга чейин дагы коомчулукка бирге чыгышкан, бирок мындай жакындыкта болушкан эмес. Жээнбеков отставкага кеткенден кийин эл көзүнө алгач ирет 7-ноябрда көрүнгөн.

Анда Жапаров, Жээнбеков жана Роза Отунбаева тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Ата-Бейит» улуттук-тарыхый мемориалдык комплексине барып барышкан.

Тема боюнча: Садыр Жапаров: Жээнбековго «ырымдап» экс-президент макамын бердик