Баткен шаарында түнкүсүн спирттик ичимдик сатууга тыюу салынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «2х2 Trip»

Баткен шаардык кеңешинин депутаттары 26-октябрдагы отурумунда калаада кечки саат 21:00дөн таңкы саат 9:00гө чейин спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салды. Мындай чечим «алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында» кабыл алынган.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, спирттик ичимдиктерди сатууга чектөөлөрдү киргизүүнү Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы өтүнгөн. Буга акыркы убакыттарда аймакта майда кылмыштуулуктун саны өскөнү себеп болгон. Ошондой эле, түнү калаада көчө жарыктыктары өчүрүлүп жатканын да эске алынган.

Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин бир нече жолу алкоголдук продукцияны сатууга чектөө киргизүүнү демилгелеген, бирок мыйзам долбоорлор кабыл алынган эмес.

Мисалы, 2017-жылы Нарын облусунун Комсомол айылынын бийлиги спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салып, эрежени бузгандарга 10 миң сомдук айып пул киргизилген. Ушундай эле чектөөлөр Ош облусунун 13 айылында жана Ысык-Көл облусунун беш айылында киргизилген.

Ал эми 2020-жылдын апрель айында Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендандатурасы аталган аймактарда алкоголь сатууга тыюу салган. Комендатура мындай чараны мас абалындагы айдоочулардын көбөйгөнүнө байланыштуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында кабыл алышканы менен түшүндүрүшкөн.

Мындай чечим ишкерлердин нааразычылыгын жаратып, ал эки күндөн кийин күчүн жоготкон. Ал эми комендатура спирттик ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү үчүн жергиликтүү бийликтин чечими керек болгонун моюндаган.