«Империя пиццыдагы» уулануу. Милиция кылмыш ишин козгоду

Бишкек ШИИББ «Империя пиццы» кафелериндеги уулануу фактысы боюнча «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу «Клоопко» борбор калаа милициясынан кабарлашты.

Анда массалык уулануу фактысы боюнча бардык чогулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалганы айтылган.

«Иликтөө иштери уланууда»,—деп кошумчалады Бишкек ШИИББ.

Массалык уулануу

«Империя пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Алгач ооруканага 12 киши кайрылып ууланганын билдирген, бирок кийин кайрылгандардын саны өсүп баштаган жана 28-октябрда 318 кишиге жеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин 29-октябрдагы маалыматына ылайык, жабыркагандардын 22си учурда дагы эле ооруканада, алардын бешөө — жаш балдар.

Массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрли2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген мораторий убактылуу алып салынганын кабарлаган. Эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшерет.