«Империи пиццыдагы» уулануу: Сальмонелла балыктан табылды

Бишкек шаардык санэпидкөзөмөл борбору «Империя пиццы» кафелериндеги даяр тамак-аштын лабораториялык анализдеринин жыйынтыгында суши жана роллдордон сальмонелла табылганын кабарлады. Бул тууралуу ведомствонун башкы дарыгери Кубан Кундашевге таянып «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда, сальмонелла лосось балыгынан табылган.

«Кафелерге бир адам азык-түлүк жеткирип турган. Балыктын ошол партиясы булганган болушу мүмкүн. Азыркы учурда “Империя пиццы” кафелер тармагында бардык жагдайлар аныкталганга чейин жапон ашканасынын тамактарын жасоого тыюу салынды» , — деп билдирди Кундашев.

Ал азык-түлүк жеткирүүчүлөргө карата ишти иликтеп жаткан укук коргоо органдары чара көрөрүн кошумчалады.

«Аны ким жана кантип алып келгенин—укук коргоо органдарынын кызматкерлери такташат. Биз өзүбүздүн ишти аткардык», — деп белгиледи Кундашев.

Сальмонеллез деген эмне?

Сальмонеллез —Salmonella тукумундагы бактериялар козгой турган жугуштуу оору.

Сальмоноллезге кабылгандарда инфекциянын булагы үй жаныбарлары, канаттуу жана балык болушу мүмкүн. Сальмонелла ооз жана заң аркылуу жугат. Бирок тамак-аш жасоодо ооруп жаткан адам аралашкан учурда дагы жугушу ыктымал.

Сальмонеллездин алгачкы белгилери дароо байкалбашы мүмкүн. Орто эсеп менен, булганган азыкты жегенден кийин 12-48 сааттын ичинде оорунун белгилери пайда болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, сальмоноллездин белгилери салыштырмалуу жеңил өтөт жана көп учурда ооругандар атайын дарылоосуз эле айыгып кетишет. Бирок кээ бир учурда, өзгөчө жаш балдар менен кары-картаңдар, ич өткөктөн улам сууну көп жоготуп, анын кесепети өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Сальмонелла — өтө коркунучтуу, оңой менен жоголбой турган бактерия. Алар азык-түлүктүн сырткы көрүнүшү менен жытына эч кандай таасир бербейт, бирок тамак-ашта жашап, көбөйө берет. Куралданбаган көз менен азыкта бактериялар бар экенин аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

Сальмонелла абдан чыйрак, 30 күндөн ашык муздаткычта сакталган бүтүн жумуртканын кабыгынан өтүп, сарысына барып көбөйө берет.

Тема боюнча окуңуз: «Империя пиццыдагы» уулануу. Сальмонелла деген эмне?

Массалык уулануу

«Империя пицца» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Алгач ооруканага 12 киши кайрылып ууланганын билдирген, бирок кийин кайрылгандардын саны өсүп баштаган жана 28-октябрда 318 кишиге жеткен.

Массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Бирок 29-октябрда кафенин бардык тармактары ишмердүүлүгүн жанданткан. Мамсанэпидкөзөмөл борбору аталган тамактануу жайы «көрсөтмөлөрдү толук аткарды, дезинфекциялык тазалоо өткөрүп, азык-түлүктөрдү жаңыдан сатып алды» деп билдирген.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрли массалык уулануудан улам 2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген мораторий убактылуу алып салынганын кабарлаган. Эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшере турганын айтышкан.

Көп өтпөй Бишкек ШИИББ «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.