Өмүрбек Текебаев: Ташиевге мага караганда Өткүрбектин зыяны көп тийди

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

«Ата Мекендин» лидери, талапкер Өмүрбек Текебаев 1-ноябрда шайлоочулар менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тийиштүү «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахмановду сынга алды. Саясатчы «Өткүрбек Рахмановдой адамдар бийликтегилердин түбүнө жетет» деген пикирде.

Талапкер «Региондун» эфиринде чакырылган кишилердин бири «Текебаевди мен өз колум менен муунтуп өлтүрүп салат элем» деп айтканын эске салды.

*Өткөн жылдын ноябрь айында «Регион» телеканадында 2010-жылы «Июнь коогалаңына» арналган телеберүү жарыяланган. Анда «Санпа шейиттери» бирикмесинин өкүлү Текебаевди сындап, саясатчыны «муунтуп өлтүрүп койгум келип жатат» деген. Кийинчерээк бул берүүнүн үзүндүсү үстүбүздөгү жылдын август айында соцтармактарда таратыла баштаган.

«Өткүрбеги жыргап, “ишти катырдым” деп жанында отурат. Мына деңгээли. Адамды “өлтүргүлө, өлтүрөмүн” деп теле көрсөтүүгө чыгып коркутпайт да. Мен Асан-Үсөндүн телевидениеси болгондо тоготпойт элемин, бирок УКМКнын кудуреттүү төрагасынын телеканалы айтып жатса “чын эле эртең муунтуп өлтүрүп коюшабы” деп коркосуңда», — деди Текебаев.

Ошондой эле, ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Сузак районунун Барпы айылында тургундардын бирине үй белек кылганына да токтолду. «Ата Мекендин» лидери анын бир тууганы иниси Шайырбек Ташиев депутаттыкка талапкер болгонун эскертип, бул «добуш сатып алууга тете экенин» айтты.

Бирок ошол эле Борбордук шайлоо комиссиясы териштирүүнү баштаганда Сузак РИИБи бул үйдү Ташиев эмес, Абдимиталип Мамитов аттуу ишкер салып бергенин билдирген.

Анткен менен милиция «Регион» телеканалында чыгарылган сюжеттеги бир катар фактыларга көңүл бурган эмес. Анда иш-чарага келген аксакалдар Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришип, алардын бири турак жайды УКМКнын башчысы салып бергенин айкан. Бул сөздөрдү «Региондун» директору Өткүрбек Рахманов да бышыктаган болчу.

«“Ошону берди” деп Өткүрбек ошолорду сайратып, кылмышын ачып жатат да. Эми милицияга ишенебизби же Өткүрбек жана айылдагы аксакалдарга ишенебизби? Мен айтайын дегеним, мына кошоматчылар ушинтип эле жардан ары түртүп коёт. Ушинтип эле шылдың кылып коёт. Ушинтип эле керек кылып коёт. Камчыга [Камчыбек Ташиевге] мага караганда Өткүрбектин зыяны көп тийди», — деди Текебаев.

Шайлоо астындагы кайрымдуулук

22-октябрда Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалы ал Барпы айылындагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй тапшырганын баяндаган сюжет жарыяланган. Анда Муратовдор турак жайга муктаж болгондуктан айыл аксакалдары Ташиевге кайрылганы айтылган. Натыйжада эки айдын ичинде аталган үй-бүлө үчүн турак жай курулган.

Ал эми Сузактын милициясы бул үй Ташиевдин эсебинен салынбаганын билдиргенден кийин, Боршайком Шайырбек Ташиевге жазуу түрүндө эскертүү берди. БШК Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде «алдын ала үгүттүн белгилери бар» деген тыянакка келген.

Дагы окуңуз: «Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?