Оппозиция алдынкы катарда. Партиялардын бюллетендеги орундары аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын арасында чүчү кулак өткөрүп, бюллетендеги орундарын аныктады.

Шайлоого катыша турган 21 партиянын номурлары төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:

№1 — «Ата Мекен»;

№2 — «Бүтүн Кыргызстан»;

№3 — «Альянс»;

№4 — «Легалайз»;

№5 — «Ыйман Нуру»;

№6 — «Күчтүү регион»;

№7 — «Багыт»;

№8 — «Ынтымак»;

№9 — «Ишеним»;

№10 — «Азаттык»;

№11 — «Мекенчил эл»;

№12 — «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;

№13 — «Жашасын Кыргызстан»;

№14 — «Социал-демократтар»;

№15 — «Аруузат»;

№16 — «Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы»;

№17 — «Улуттар биримдиги»;

№18 — «Эл Үмүтү»;

№19 — «Ордо»;

№20 — «Улуу-Журт»;

№21 — «Ата-Журт Кыргызстан».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

*«Ачык тизме» же преференциялдык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

Ал эми бир мандаттуу округдардан БШК 321 талапкерди каттаган.

Шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет: бирөө партия жана анын тизмесиндеги талапкерлерге, экинчиси бир мандаттуу округдардан талапкерлерге добуш берүү үчүн.

Эгерде шайлоочу партияны белгилеп, бирок анын тизмесиндеги талапкерди тандабаса деле бюллетень жарактуу бойдон кала берет — бул учурда добуш жалпы партияга берилет. Бюллетенде партиянын ичиндеги 54 талапкердин ичинен бирөөнү тандоого болот.