Садыр Жапаров Түрк кеңешинин саммитине катышуу үчүн Стамбулга учуп кетти

Президенттин басма сөз кызматы 11-ноябрда Садыр Жапаров иш сапар менен Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткенин билдирди. Ал Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы саммитине катышат.

Саммит сегизинчи ирет уюштурулууда. Ага Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгына мүчө болгон өлкөлөрдүн башчылары катышат.

Иш сапардын алкагына Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашы күтүлүүдө.

Президентти Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев баштаган бир катар аткаминерлер коштоп кетти.

Андан сырткары, делегациянын курамында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, ошондой эле Энергетика министри Доскул Бекмурзаев да бар.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда президент Түркияга расмий иш сапары менен барган. 11-июнга чейин уланган иш сапардын алкагында Жапаров түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жолугушууда алар террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу сүйлөшкөн болчу.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммити. 2019-жыл, Баку шаары. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши 2009-жылы 3-октябрда Азербайжан өлкөсүндү түзүлгөн. Заманбап түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген эл аралык уюмдун негизги максаты — кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Катчылыгы Стамбулда жайгашкан, башкатчысы — Багдад Амреев.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммити Кыргызстанда бир инече жолу өткөрүлгөн. 2012-жылы кеңештин экинчи саммити Бишкекте уюштурулган. Ал эми 2016-жылы откөрүлүшү керек болгон саммит эки жылдык тыныгууга туш болгон. Саммиттин өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан. 2018-жылы кенештин алтынчы саммити Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жетинчи саммити 2019-жылы октябрда Баку шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Ал эми 2020-жылы Азербайжан президенти Илхам Алиевдин сунушу менен кеңеш чукул жыйынга чогулуп, видеоконференция форматында коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү маселесин талкуулаган.