«Бүтүн Кыргызстан» жана Алайдагы окуучулар. Партиянын тарапкерине айып пул салынды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Ош облусунун Алай районунда өткөрүлгөн үгүт иш-чарасына кесиптик лицейдин студенти жана мектеп окуучусу катышканы аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 12-ноябрда маалымдады.

Эмне болгон?

Социалдык тармактарда 5-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» Гүлчөдөгү Маданият үйүндө шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, партиянын лидери Адахан Мадумаровду улуттук кийимчен жаш кыздар тосуп алган тасмасы тараган. Ошондой эле тасмада бир нече жигит партиянын шарфын тагынып, анын байрагын көтөрүп турганы да байкалган.

Иш-чаранын эртеси күнү Алай райондук ички иштер башкармалыгы териштирүүнү баштап, окуучулар суракка алынган. Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейдин 2-курсунуну студенти ошол күнү «Бүтүн Кыргызстандын» желегин кармап турганын тастыктаган. Студенттин айтымында, желекти ага 30-35-жаштагы белгисиз киши «5 мүнөткө карматып», кийин алып кеткен.

Ал эми тасмада Мадумаровду тосуп алган кыздардын бири Тапык Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу болгону аныкталды. Өспүрүмдү иш-чарага «Д. Турганалиев» аттуу жаран катыштырганы белгилүү болду. Аталган киши «Бүтүн Кыргызстандын» талапкерлер тизмесинде жок.

Сурак берген студент жана окуучу үгүт иш-чарага «сабак эмес учурунда катышканын жана партия же окуу жайдын жетекчилиги тарабынан мажбурлоо болбогонун» айтып беришкен. Ошондой эле алар иш-чарага катышканынан мугалимдердин кабары бар болгонун айтышкан.

7-ноябрда милиция бул ишти өндүрүштөн кыскартты. Ал эми Алай аймактык шайлоо комиссиясы 10-класстын окуучусун үгүт иш-чарасына катыштырган Турганалиевге «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренеси менен 7,5 миң сом айып салды.

Ошондой эле, Алай райондук билим берүү бөлүмү №2 мектеп-гимназиясынын директору Гүлмира Райымкуловага сөгүш берилди. Ал эми №67 кесиптик лицейдин жетекчиси Жолдош Мурзалиевге чара колдонуу өтүнүчү менен Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдонду.

Мындан сырткары, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Үгүт иш-чарага катышкан студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ал эми Ош ШИИБи «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 15 студент жана сегиз мугалимден сурак алган.

Мындан сырткары, иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгону аныкталган. Учурда тергөө иштери аяктап, сотко жиберилди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду кызматтан алды. Аны менен бирге Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучу иштен бошотулду.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго жана билим берүү министри Болотбек Купешевге сөгүш жарыяланды.