БШК Коомдук биринчи каналга эскертүү берип, Шыкмаматовго 7500 сом айып салды

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ынтымак» партиясынын талапкери Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүү боюнча түшкөн арызды карап, ага 7500 сом айып салды. Мындай чечим 13-ноябрда өткөн БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, Шыкмаматовдун үстүнөн КСДП партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев арызданган. Ал 24-октябрда КТРК каналындагы «Биздин айыл» аттуу 25 мүнөттүк берүүнүн басымдуу бөлүгү Алмамбет Шыкмаматов менен маектешүүгө арналганын, бул өз кезегинде «алдын ала үгүт жүргүзүү» болуп эсептелерин айтып даттанган.

«Бул жерде эки мыйзам бузуу катталган. Биринчиси, аталган видеодо башынан аягына чейин Шыкмаматов менен маек болгон. Шайлоонун алдында үгүт иштери башталмайынча мындай кылганга болбойт. Экинчиси видео аркылуу өзүн жарнама кылган. КТРКда жарнама үчүн 25 миң сомдон өйдө акча төлөш керек. Ал бекер жарнама болуп калган», — деген Усубалиев «Клоопко» курган маегинде.

БШКнын жыйынына катышкан Коомдук биринчи каналдын өкүлү Бактияр Тукеев Шыкмаматов катышкан берүү эфирге чыга электе текшерилгенин, анда үгүт иштери байкалбаганын билдирди.

А бирок комиссия мүчөлөрү отурумдун жыйынтыгында «Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү шартын бузуу» беренеси боюнча Шыкмаматовго 7500 сом айып пул салып, Коомдук биринчи каналга оозеки эскертүү берди.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келип, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган параламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясын жетектеп барган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Шыкмаматов президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген.

Жапаров президент болгондон кийин Алмамбет Шыкмаматов февраль айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мекеме Инвестициялар министрлиги болуп өзгөргөн.

Ал эми Шыкмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. Ал шайлоого «Ынтымак» партиясы менен катышып жатат.

«Ынтымак» партиясын депутат Марлен Маматалиев жетектейт. Маматалиев өткөн жылкы парламенттик шайлоого Матраимовдорго караштуу болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.