«Кудаяр ханбы?» Байсалов менен Текебаевдин кайым айтышы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбукка президентке болушуп «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди сындап жазды.

Байсалов аталган пост Текебаевдин үгүт жолугушууларынын биринде «министрлер кабинетинин жыйындарын эл көрүш керек» деген сөзүнө жооп экенин билдирди.

Эдил Байсалов.

Байсаловдун айтымында, президент кылган ишин эл көрсүн деп популизмге барбайт.

«Экинчиден, керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4тө телефон чалып же СМС менен тапшырмаларды берип турат. Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт», — билдирди минкабдын төрагасынын орун басары.

Байсалов президент министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултарын белгиледи.

«Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок», — деп жазды ал.

Билдирүүсүнүн аягында Байсалов «акыйнек айтышып, мурункуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы, биз жоопсуз калтырбайбыз ар кандай асылууларды» деп кошумчалады.

«Диктатурага алып келет»

Ал эми Өмүрбек Текебаев Байсаловго ошол эле түнү видео кайрылуу аркылуу жооп берди. Анда саясатчы сөз эркиндигине болгон укукту сот дагы жокко чыгара албайт деп айтты.

«Эдил Байсалов силердин кеңешиңердин эч кимге кереги жок, оозуңду ачканга укугуң жок деп жатат. Эдил Байсалов эмне Кудаяр ханбы? Адамдын сөзүн эмес, башын алганга болот. Эч ким, сот дагы кыргыз жаранынын сөз эркиндигине болгон укугун, пикир эркиндигине болгон укугун, мыйзамдын сакталышын талап кылган укугун жокко чыгара албайт», — деп билдирди Текебаев.

Ошондой эле ал, өкмөт конституциялык мыйзамдарды сактабай иш жүргүзүп жатканын белгилеп, иш мындар ары ушул нукта уланса, «диктатурага алып келет» деп белгиледи.

«Өлкөдө абал оор. Энергетикалык кризис ар бир үйгө кирип келди. Ошондой кырдаалда Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте кыргыз өкмөтү жыйын өткөргөн жок. Ал жыйынды президент өзү жетектеш керек эле [...] Өкмөттүн жыйынына өкмөт мүчөлөрүнүн үчтөн бири, 15тен кем эмеси катышышы керек. Бул мыйзамдын талабы [...] Урматтуу Эдил Байсалов! Бул Конституцияда көрсөтүлбөгөн форма. Конституцияда көрсөтүлбөгөн ыкма. Муну кыргыздар бармак басты, көз кысты дейт. Бул коррупцияга, өзүм билемдикке алып келет. Бул диктатурага алып келет»,— деди Текебаев.

Байсалов, Текебаев жана Жапаров

Бул Байсалов менен Текебаевдин алгачкы кайым айтышы эмес. Октябрда минкабдын төрагасынын орун басары Текебаевди партиялык коррупцияга айыптап, апрель революциясында «70 тен ашык кырчындай жаштардын ага ишенип өмүрүн берген» деп айткан. Ошондой эле, Байсалов жаңы парламент шайлангандан кийин министрлер кабинети туруктуу «президенттин саясатын колдогондор» менен гана иштей турганын баса белгилеген.

Өмүрбек Текебаев жана Эдил Байсалов. «Азаттыктын» видеосунан скриншот.

Ага Текебаев Байсалов «жөн гана колдон-колго өтүп келген» деп жооп берген.

Кийин, Садыр Жапаров маалымат жыйынында Байсаловду колдогон. Анда президент Байсалов минкабдын менен парламенттин иши боюнча өз оюн эмоцияга алдырып туура эмес билдирип алганын айткан.

Ал эми минкабдын төрагасынын орун басары Глазгого жеке учак менен учкан президентти коомчулук сынга алганда коргоп чыккан. Президенттин жеке учак жалдап учканын Байсалов «мамлекеттик зарылчылык» деп түшүндүргөн.

Тема боюнча:

Байсалов президенттин жеке учак жалдаганын «мамлекеттик зарылчылык» деп атады

«Партиялык коррупция сизден башталган». Байсалов менен Текебаевдин айтышы уланууда