«“Штансыз” калбаса болду». Бөжөнов «Ош Пиримдин» директорунун үстүнөн БШКга даттанды

Улан Примов / Замирбек Бөжөнов / Абай-Нур Большевиков

№11 Алай шайлоо округунан талапкер Замирбек Бөжөнов «Ош Пирим» телеканалынын директору Абай-Нур Большевиковдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. «Ош Пирим» ошол эле округдан талапкер, депутат Улан Примовдун үй-бүлөсүнө таандык.

БШКга берилген арызда Бөжөнов Большевиков Фейсбук баракчасында аны каралап, «ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалыматтарды таркатты» деп жазылган.

Большевиков Бөжөнов ОшМУда проректорлук кызматын убактылуу тапшырганы менен окуу жайдын мугалимдери жана студенттерин «колдонуп жүргөнүн» бидирген. Ошондой эле журналист Бөжөнов «өзбекстандык студенттерден 1000-2000 доллардан “доля” алганы боюнча да кыңыр иштерин угуп жүрөбүз» деп жазган.

«Мен жөнүндө жазган жөө жомокторун далилдеп берсин, далилдей албаса мыйзам алдында жооп берет. Анан көрөбүз оозуна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттаган кандай болорун. Примовдон алгандарын сотторго берип, “штансыз” калбаса болду. Буга окшогон өпкөсү жоктор тумшугу ташка тийгенде адам болот», — деп жазган Бөжөнов.

Ошондой эле талапкер Большевиковдун постун «Ош Пиримдин» башка кызматкерлери да бөлүшкөнүнө нааразы болду. Аталган пост кийинчерээк өчүрүлгөн.

Бөжөновдун арызы БШКнын реестрине катталып, жумушчу топтун кароосунда турат.

Ал эми Большевиков «Клоопко» курган маегинде Бөжөнов даттанууга укуктуу болгонун белгилеп, талапкер буга чейин «Ош Пиримдин» кызматкерлеринин кадыр-баркына шек келтирген пост жарыялаганын билдирди. Анын айтымында, талапкер «Ош Пиримдин» кызматкерлерин «жугундукор» деп атаган. Бирок Бөжөновдун баракчасында бул пост өчүрүлгөн.

Парламенттик шайлоого №11 Алай шайлоо округунан беш талапкер аттанууда, алар: Улан Примов, Замирбек Бөжөнов, Бакытбек Саипов, Дайырбек Орунбеков жана Улукмырза Тоотаев. Буга чейин БШК Примовдун шайлоо астындагы кайрымдулук иштери үчүн эскертүү берген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат