«Унаа» мамишканасы кайрадан жарым млрд сомго тендер жарыялады

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси кайрадан транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкасын даярдоого тендер жарыялады.

Тендер 15-ноябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. «Унаа» документтерди даярдоого 448 млн 800 миң сом коротууну пландап жатат. Билдирмелер 2021-жылдын 7-декабрына чейин кабыл алынат.

Жокко чыгарылган тендер

Бул тендерди «Унаа» экинчи жолу өткөргөнү турат. Биринчи тендер Temirov LIVE’дын журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин жокко чыгарылган. Анда журналисттер ошол учурда «Унааны» жетектеп турган Турусбек Түмөнбаевдин алдамчылыгы тууралуу айтып беришкен.

Алардын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 21-июлунда «Унаа» мамлекеттик мекемеси транспорт каражаттарынын каттоо күбөлүктөрүн жана айдоочулук күбөлүктөрдүн эл аралык үлгүдөгү бланкаларын сатып алуу үчүн жарым миллиард сомго тендер өткөргөн. Сынакта «Госзнак» компаниясы жеңген. Журналисттер аталган фирма менен Түмөнбаевдин кызынын ортосундагы байланышты табышкан.

Temirov LIVE’дын иликтөөсүндө Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени да айтылган.

12-сентябрда, тагыраагы, иликтөө жарыялангандан кийин минкабдын төрагасы Улукбек Марипов «Унаа» тарабынан жарым млрд сомго өткөрүлгөн тендер жокко чыкканын, ал эми мамлекетик мекеменин ишмердүүлүгү президенттин буйругу менен текшерилип жатканын билдирген.

«Министрлер кабинети атайын иликтөө жүргүзүп, тендердин жыйынтыгын ошол замат токтоттук. Анткени токтотпосок жыйынтыгында баарыбыз транспорттук каражаттардын алып аткан атайын күбөлүктүн баасы эки эсеге кымбаттап кетмек — ошондуктан токтотконбуз. Президенттин тапшырмасы боюнча иликтөө буга чейин да жүрүп келди, Кудай буюрса 13-сентябрда жыйынтыгы чыкмакчы», — деди Марипов», — деген ал.

Минкабдын маалыматына ылайык, «Госзнак» менен келишимге кол коюлганда бланктардын баасы 2 эсе кымбаттап кетмек. Мындан тышкары, Марипов Түмөнбаевди «Унаанын» директорлук кызматынан да бошоткон.