Жалал-Абад ОИИБинин кыйноолорго шектелген кызматкерлери камакка алынды

Кыйноолорго шектелген Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) төрт кызматкери жана мурдагы кызматкери Ош шаарындагы №25 тергөө изоляторуна киргизилди. Мындай чечимди 12-ноябрда Ош шаардык соту кабыл алды.

«Справедливость» укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, милиционерлер Токтогул районунун Торкен айылынын 28 жаштагы тургуну Абжал Нурубековду кыйноого алууга шектелип жатышат.

2019-жылы Нурубеков баңгизаттарды сатууга шектелип кармалган. Бирок ал күнөөнү мойнуна албастан, баңгизатты ага бирөөлөр таштап койгонун айткан.

Кыйноолорго кабылган Абжал Нурубеков. Сүрөт: «Справедливость» уюму

«Тергөөнүн версиясы боюнча, милиционерлер Нурубековду ур-токмокко алып, тепкилеп, башына желим баштык кийгизип, арматура менен сабаган. Мындан улам ал эс-учун жоготуп, зара ушатып койгон», — деп билдиришти уюмдан.

«Справедливость» уюмунун жактоочусу Нурислам Райимжановдун айтымында, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар кыйноо фактыларын тастыктаган.

Ал эми окуя боюнча «Кыйноолор» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, бирок тергөө 2,5 жылга созулган. Алгач бул иш Жалал-Абадда тергелип, кийинчерээк Ошко өткөрүлгөн.

Ошол эле учурда Нурубековго карата баңгизаттарды сатуу боюнча козголгон иш дагы деле аягына чыга элек. Учурда иш Токтогул райондук сотунда каралып жатат. Нурубеков болсо Оштогу тергөө абагында кармалып, сот маалында Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып келүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Нурубеков сот имаратында өз жанын кыюуга аракет кылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2012-жылдан тарта кыйноолор боюнча 79 айыпталуучунун катышуусунда 26 кылмыш иши каралган. Алардын ичинен 57 киши акталып, 18 киши жазык жоопкерчилигине тартылган. Дагы төрт иш кыскартылган.

Соттолгондордун 12си 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылган. Анын 14ү ИИМ, төртөө ЖАМКтын кызматкерлери.

Ошондой эле 2019-жылдан тарта 63 кыйноо фактылары катталган. Анын 12си «кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу» кыскартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызыл-Кыядагы кыйноо: Жабыркаган өспүрүмдөргө 100 миң сомдон төлөнөт

Өзгөндө пенсионер милиция тарабынан кыйноолорго кабылганын айтып чыкты

Сузак РИИБде кармалган 18 киши кыйноолорго даттанды. Милиция муну четке какты