Кара-Кече: Айрым айдоочулар көмүрдүн 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы

Социалдык тармактарга көмүрдүн 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы болгон айдоочулардын видеосу тарады. Анда Кара-Кече көмүр кенинде чогулган ондогон айдоочулар аталган суммада көмүр сатуу чыгымдарын актабай турганын билдиришкен.

«Көмүр 3000 сомдон сатылсын дегени шопурлардын эч кимисине жаккан жок. 3000 миңден сатса корогон чыгым акталмак беле: дөнгөлөгүн, майын, ичкен-жегенге корогон чыгымды жаба албайт. Унаанын ижара акысына төлөшөт. Май, дөнгөлөк, тетиктер барган сайын кымбаттап жатат», — деп нааразы болду видеодогу айдоочуларды

Ошондой эле айдоочулар Кара-Кечеде көмүр жетишсиз болуп жатканын айтып нааразы болушкан.

«Ушул жерде жумалап [кезек күтүп] жатабыз. Көмүр жетишсиз болуп жатат. Бул жактан маңдайдан келип жүктөп атышат, “тендер боюнча, бийликтики” деп келип атышат. Ушул жерде тургандардын максаты бир да. Элге тең карасын», — деди айдоочулардын бири.

«Кыргызкөмүр» ишканасы эмне дейт?

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Клоопко» Кара-Кече көмүр кенинде нааразы болгон айдоочулар бар экенин тастыктады. Анын айтымында, аталган айдоочулар «кирешеден айрылып калбаш үчүн нааразы болуп жатышат».

«Азыркы учурда да көмүрдүн үч миң сомдон сатылганына нааразы болгон шопурлар болуп жатат. Бирок баары эмес. Алар көмүр ташыбай калдык деп нааразы болушууда. Бир каттамда эле 150 миң сом таап, 80 миң сому таза киреше чөнтөгүнө түшүп жаткан. Эми 3000 сомдон сатылса, андай болбой калат. Ошол себептен нааразы болуп жатышат», — деди ал.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы. Жийде Зоотбекованын Фейсбук барагы 

Аны менен катар, Зоотбекова Кара-Кечеде көмүр жүктөөдө башаламандык бар экенин төгүндөдү.

«ЖЭБге, калкка жана 3000 сомдон арзан көмүр ташыгандар үчөө үч башка коридор менен кирип жатат. Бири-бирине тоскоол болбой өзүнчө жол менен көмүрдү жүктөп кетип жатышат», — дейт ал.

Зоотбекованын айтымында, арзан көмүр ташып келип жаткан 100 унанын чыгымын «Кыргызкөмүр» ишкансы камсыздап жатат. Ошондой эле жеке айдоочулардын арасында өз демилгеси менен элге арзан баада көмүр ташууга макул болгондор да бар.

Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу

Бийлик 16-ноябрда Бишкектеги Мурманск көчөсүндө «Кара-Кечеден» алып келинген көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сата баштаган. Кезекке тургандардын саны 1000ден ашып, биринчи күнү болгону 130 үй-бүлө көмүр алган.

Мамишкананын маалыматына ылайык, 16-ноябрда 200 тонна көмүр таратылган. Ага чейин бир үй-бүлөгө эки тоннадан ашык сатылбай турганы эскертилген.

«Кыргызкөмүр» мындай чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара экенин белгилеп, бирок «жакынкы күндөрү» чектөө жоюлушу пландалууда деп түшүндүрмө берген.

17-ноябрда көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылган. Ушул тапта кампаларда болжолдуу 1 360 тонна көмүр бар.

Көмүрдүн баасы президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолуккандан кийин арзандады. Анда өлкө башчысы борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ноябрь айында Бишкек жана Ошто бир тонна көмүрдүн баасы 2 500 сомдон 8 500 сомго чейин болгон (көмүрдүн түрүнө жана казылган жерине карата).

Антимонополиядан «Кыргызкөмүр» көмүрдү жеткиликтүү көлөмдө алып келбегендиктен баалар туруксуз болуп жатканын билдиришкен.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бишкекте арзан көмүр саткан экинчи кампа ачылды

Сүрөт баян: Сүлүктү шахтасында көмүр кандай мээнет менен казылат?