Беш жылдык күтүү: Бишкекте Тарых музейинин ачылышы болду

Сүрөт: Анастасия Лысогорова

Беш жылдан бир аз ашык убакыт жабык турган Кыргызстандын Тарых музейи көрүүчүлөр үчүн эшигин ачты. Музейдин ачылыш салтанаты музыканын коштоосунда шаңдуу өттү.

Лента кесүүнүн ордуна маданият министри Азамат Жаманкулов жип түйүнүн чечти.

Музейдин ачылышында акын катышып, мындан сырткары, хор менен Кыргызстандын гимни ырдалды. Андан соң чакырылган коноктор менен журналисттер музейге коюлган экспозицияларды көрүштү.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

Музейдин ар башка залында толук жабдылган аттардын скульптуралары коюлган.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

Экспонаттарда өлкө тарыхынын ар башка мезгилдери камтылган. Барсбек кагандын, Курманжан Даткага жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяга арналган экспозициялар да бар.

Өкүнүчтүүсү, байыркы мумия сакталып калган эмес — анткени ал 2017-жылы жерге берилген.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

Музейге улуттук аспаптарга да арналган экспозиция бар.

Сүрөт: Ислам Розиев

Экспонаттар куралдар менен да толукталган.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

Бишкектеги Тарых музейи ачылышы 5 жыл боюу күтүлгөн, анткени ал 2016-жылы эле реконструкцияга жабылган. Оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжолдонгон, бирок анын ачылышы улам-улам жылдырылып келген.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

2016-жылы ноябрда имаратта өрт чыккан. Музейдин администрациясы жана өлкө бийлиги музейдин балансындагы 130 миңден ашуун экспонат бүтүн бойдон сакталып турганын айткан.

Бирок «Клооп» менен OCCRPнин журналисттери музейдин ички документтерине ылайык, бери дегенде 18 экспонат жарактан чыгып же өрттөлүп жок болгонун аныкташкан.

Тема боюнча окуңуз: Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

2018-жылдын жай айларында Башкы прокуратура Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иликтөө баштаган. Музейдин ачылышы ушундан да жылдырылган.

Сүрөт: Ислам Розиев
Сүрөт: Ислам Розиев

Музейди ачууга тоскоол болгон акыркы көйгөй кыргыз бийлигинин карызы болгон. 2021-жылдын сентябрында Мамлекеттик курулуш агенттиги музей өлкө бийлиги немис компаниясына 225 миң евро карызынан улам жабык турганын айткан.

2-ноябрда өкмөт немис компаниясынын алдындагы карызынан кутулганы белгилүү болгон.

Музей акыры ачылды — ал жакка ачылган күндөн тартып 30-ноябрга дейре акысыз кирсе болот. Музей саат 10:00дөн тартып 18:00гө чейин иштейт.

Кыргызстандын тарыхы тууралуу көбүрөөк билгиңиз келеби? Анда төмөнкү шилтемелерди басыңыз:

Унутулган балбал. Ысык-Көлдө окуучулар байыркы шаарды кантип изилдешкен?

Бектур Искендер: Кыргыз колдонгон латын ариби кандай болгон?

Видео: Кыргыз аялзатынын сулуулук тарыхы

Сүрөт: XX кылымдын башындагы кыргыз турмушу