Токмок: Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган киши куткарылды

19-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө белгисиз адам тогуз кабаттуу имараттан секирип, жанын кыюуга аракет кылган. Жерине келген ӨКМдин куткаруучулары жана ИИМдин кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин жаран жерге түшкөн.

Жанын кыюуну каалаган жаран мас абалында экени аныкталган. ӨКМдин куткаруучулары аны тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Буга чейин ушундай эле окуя Ош шаарында катталган. Анда 35 жаштагы аял 12 кабат үйдүн тогузунчу кабатынан секирүүгө аракет кылган. Жерине келген ӨКМдин төрт кызматкери аялды куткарып калган.

27-октябрда Бишкек шаарында курулуп бүтө элек үйдүн 8-кабатынан секирген 22 жаштагы жигит ооруканага жетпей каза болгон.

Милиция жана ӨКМдин кызматкерлери жаш жигит менен бир нече саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул эч кандай жыйынтык берген эмес. Ал эми маркумдун жакындары ӨКМдин кызматкерлери жана милиция баланы сактап калууга «тийиштүү чара көргөн эмес» деп айыпташкан.

Кийинчээрек ӨКМдин басма сөз кызматы баланын өлүмү боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.