Садыр Жапаров: Жаңы кодекстен тергөө менен кызматташуу деген норма алынып салынды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлеринин күнүндө 1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодексте тергөө менен кызматташуу деген норма алынып салганын билдирди.

Садыр Жапаров

«Кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири кызматташууга макул болуп, кылмыш тууралуу маалымат берсе, анда ал адамдын күнөөсү бар же жок экенин такталбай туруп кылмыш иши козголуп жатат», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, буга чейинки кодекс элдин кызыкчылыгына карама каршы келген.

Чынында эле коррупцияга шектелген көптөгөн чиновниктер тергөө менен кызматташууга барып эркиндикке чыккан. Мисалы, бажыда коррупция кылганын мойнуна алган Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташуу келишимин түзүп, 260 миң сом айып пул төлөп эркиндикке чыккан.

Андан сырткары, ушул эле иш боюнча соттолгон дагы эки бажычы тергөө менен кызматташууга барганы үчүн бошотулган. Аларга да 260 миң сомдон айып пул салынган.

Жаңы кодекстер

Жаңы кодекстерди кабыл алууну 2021-жылы башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген. Зулушев кодекстердин кемчиликтери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан.

Мунун негизинде 2021-жылдын апрелинде кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтотуп турууну суранышкан — анткени, алардын пикиринде, реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келет.

Дагы окуңуз:

Садыр Жапаров жаңы Жазык кодекстерине кол койду

«Тоталитаризмге багытталган». Юристтер кылмыш кодекстерин реформалоону колдобойт