«Дин тематикадагы үгүт». БШК Атазов, Нурбаев жана Султанбековго айып пул салды

Темирлан Султанбеков / Шайлообек Атазов / Төлөнбай Нурбаев

Борбордук шайлоо комиссиясы №8 Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов, «Азаттык» партиясынан талапкер Төлөнбай Нурбаев жана «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго 7,5 миң сомдон айып пул салды. Алар үгүт маалында диний тематикадагы маселелерди көтөргөнү аныкталды.

Шайлоо жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинде шайлоо өнөктүгүндө «диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.

Жоолук маселеси

Атазов жана Нурбаев Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда мектеп окуучуларынын жоолук салынуу маселесине токтолушкан.

Талапкер Атазов «жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартабыз жана аларга мыйзамдын кандай экенин үйрөтөбүз» деп айткан. Ал эми Нурбаев «жоолук салынуу Аллахтан келген буйрук болгондуктан ага эч ким каршы чыга албайт» деп сүйлөгөн.

Отурумга катышкан «Азаттык» партиясынын өкүлү Нурбаев «дин тутуу эркиндиги тууралуу сөз кылган» деп билдирди.

Атамбаев жана «Ыйман» фонду

Ал эми «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 19-ноябрда КТРКда өткөн тегерек столдо айткан сөздөрү үчүн айыпка жыгылды. Султанбеков 25 жашка толо электигине байланыштуу шайлоого катыша алган жок.

Султанбеков тегерек столдо эгерде «Социал-демократтар» парламентке өтсө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгү жанданат деп убада кылган.

Аталган фонд 2015-2019-жылдары Кыргызстандагы муфтиятка караштуу имамдардын билимиин жогорулатып, стипендия берип турган. Султанбеков Атамбаевдин тушунда имамдар чет өлкөлөрдөн каржыланган эместигин баса белгилеген.

Анткен менен аталган фонд Түркиядан келген гранттардын негизинде иш алып барган. «Ыйман» фондунун биринчи директору мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков болгон. Ал парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ыйман Нуру» партиясын баштап баратат.

Отурумга катышкан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Бакыт Абдыкеримов бул фактынын үгүткө тиешеси жок деп эсептейт. Анын айтымында, Султанбеков Ооганстан тууралуу берилген суроолорго жооп берип жатып, «Ыйман» фонду тууралуу пикирин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазов, Төлөнбай Нурбаев жана Темирлан Султабеков «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренесин бузган деп тапты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоо алдында талапкерлерге жана партияларга шайлоо өнөктүгү учурунда диний чакырыктарды колдонбоону эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартабыз». ИИМ Атазов менен Нурбаевдин сөздөрүн текшерет

«Чубак ажы менен түшкөн сүрөт». «Бүтүн Кыргызстандын» талапкери айыпка жыгылды