«Жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартабыз». ИИМ Атазов менен Нурбаевдин сөздөрүн текшерет

Сүрөт Атазовдун Фейсбук баракчасынан алынды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунун талапкери, депутат Шайлообек Атазовдун жана «Азаттыктын» талапкери Төлөнбай Нурбаевдин үстүнөн БШКга арыз түштү. Буга талапкерлердин «жоолук салынууга тыюу салбагыдай мыйзам кабыл алып берүүнү» айткан убадасы себеп болду.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда аталган талапкерлер биригип Ош шаарынын тургундары менен үгүт жолугушуусун өткөргөн. Анда Атазов «жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартабыз жана аларга мыйзамдын кандай экенин үйрөтөбүз» деп айткан.

Ошондой эле Атазов Нурбаевди «ата-энесинин алдында куран окуган жигит» деп баса белгилеген. Нурбаев болсо «жоолук салынуу Аллахтан келген буйрук болгондуктан ага эч ким каршы чыга албайт» деп сүйлөгөн.

«Баарыбызды жоолукчан апа төрөгөн. Баш мыйзамда дин тутуу эркин деп жазылган. Ошонун ичиндеги атрибуттарга, жоолук салууга эч ким тыюу салган эмес. Эч ким тыюу сала албайт. Биз депутат болуп калсак [жоолукка] эч ким тыюу сала албай тургандай жакшылап мыйзам кабыл алып беребиз», — деген Нурбаев.

БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлердин сөздөрүнө юридикалык баа берүү үчүн материалдарды ИИМге өткөрүп берди.

Дагы окуңуз: Кара-Суу: Жоолук чырын милиция эмес, министрлик териштирмей болду

Президент Садыр Жапаров шайлоо алдында талапкерлерге жана партияларга шайлоо өнөктүгү учурунда диний чакырыктарды колдонбоону эскерткен. Ошондой эле шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, үгүт материалдарда «диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт».

Мындан улам «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Сагынбек Кудаяров 9-ноябрда Исфана шаарындагы иш-чарада партиянын лидери Адахан Мадумаровго диний аалым, маркум Чубак Жалиловдун сүрөтү бар килемди белек кылганы үчүн 7,5 миң сом айып пулга жыгылган.

Шайлообек Атазов ким?

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Ал эми жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында УКМК бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектеп кармаган. Мындан улам Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто Матраимовду бошотуу талабы менен митинг уюштурган. Матраимов буга чейин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Ал эми 7-мартта Атазов «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.